Мелис Мырзакматов: Азыркы абал «каракчалардын шайлоосун» эске салып жатат

«Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Садыр Жапаровго жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо тууралуу кайрылды. Ал жергиликтүү кеңештерди шайлоону жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 2020-жылы өтүп, жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоо менен салыштырды.

Анда көптөгөн мыйзам бузуулар, добуш сатып алуу, коркутуп-үркүтүү катталып, бул нааразылык акциясына алып келген. Митинг учурунда Ак үй басылып алынып, ал эми абактагы саясатчылар, анын ичинде Садыр Жапаров камактан бошотулган.

«Тилекке каршы, саат 14:00гө чейин менин байкашымча, Ош шаарында шайлоо өнөктүгү мыйзамдарды одоно бузуу менен өтүп жатат. Социалдык тармактарда жана ЖМКларда административдик ресурстун ачык колдонулушу, добуш сатып алуу фактылары боюнча сүрөт, видеолор чыгып жатат. Азыркы абал тиликке каршы мага өлкөдөгү бийликтин алмашуусуна негиз берген 2020-жылы 4-октябрда өткөн «каракчалардын шайлоосун» эске салып жатат», — деди ал.

Анын айтымында, Ош шаарынын бийлиги «мыйзамсыздыктын демилгечиси», ал эми шайлоо комиссиялары «жергиликтүү бийлик органдарынын жана макамы белгисиз бөтөн бир кишилердин таасири астында» калышты.

«Бул фактылардын баары Ош мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү ар кандай шылтоо менен бийликти сактап калуу үчүн максаттуу түрдө иш жүргүзүп, бир партиянын кызыкчылыгын көздөп жатканын көрсөтүп турат», — деди Мырзакматов.

Буга чейин Ош шаардык кеңештин шайлоосуна катышып жаткан «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу журт», «Бир Бол», «Республика» жана «Улуттар Биримдиги» партияларынын өкүлдөрү «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы кысым кылып жатканын айтып чыгышкан. Алар «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын админресурска жана добуш сатып алууга айыптап, аларга карата чара көрүлбөй жатканына нараазы болушкан.