Жалал-Абад шаарында «Ата-Журт Кыргызстан» 60% добуш менен алдыда

БШК жарыялаган маалымат боюнча Жалал-Абад шаардык кеңешинде «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы алдыда барат — алдын ала жыйынтык боюнча добуштардын 60%ын алды.

Андан сырткары, 7 пайыздык чектен «Өнүгүү — Прогресс» жана «Ыйман Нуру» партиялары өттү — 14,14%, 12, 04%.

Мындан сырткары, «Ата-Журт Кыргызстан» Ошто 49, 48%, Базар-Коргондо 42, 55%, Көк-Жаңгакта 45, 62%, Кочкор-Атада 38,18% менен алдыда.

11-апрелде Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өттү. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун демилгелөө процесси көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин аталган Конституциянын долбоорун кайрадан карап чыгууга жана референдумду кайра дайындоого чакырган.

Кыргызстандыктар 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айылдык кеңеште 7560 депутатты шайлашты. Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда болуп өттү. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.

Кыргызстан боюнча шаардык кеңештерге болгон шайлоодо кайсы партиялар канча добуш алганын «Клооптун» материалынан окуңуз.

«Клооптун» 2894 байкоочусу бүткүл өлкө боюнча мыйзам бузууларды жана адаттан тыш окуяларды каттап жатышат. 11-апрель саат 21:00гө карата алар 830 мыйзам бузууну катташты.