Жалал Абад: Шайлоочулардын добуш берүү купуялуулугу бузулуп жатат

«Клооптун» байкоочулары Жалал-Абад облусунун Колот айылындагы №2130 добушкансында АШКнын мүчөлөрү урнага жакын турушканын жана шайлоочулардын ордуна бюллетендерди АСУга салып жатышканын билдиришти.

Байкоочулардын эскертүү берүүсүнө агрессия менен жооп беришип, сүрөт жана видео тартууга тоскоолдук жаратышууда.

«Мен мыйзамдарды окугам. Шайлоодо 30 жылдан бери иштейм», — деди АШКнын мүчөлөрүнүн бири.

Ал эми Жалал-Абад шаарындагы №2109 шайлоо участкасында да ушундай эле көрүнүш орун алды. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү АСУга жакын туруп алып, шайлоочулардын ордуна укөккө бюллетендерди салышкан.

Мыйзам боюнча, урнадан жок дегенде 1,5 метр алыстыкта туруу керек. «Клооптун» байкоочусу бул тууралуу эскерткенде, АШКнын мүчөлөрү үкөктөн алысыраак турушту.

Кыргызстанда 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун демилгелөө процесси көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин аталган Конституциянын долбоорун кайрадан карап чыгууга жана референдумду кайра дайындоого чакырган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2020-жылы жазында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам шайлоо бир жылдан кийин өтүп жатат. Көчмө добуш берүү 10-апрелде өткөн.

Кыргызстандыктар 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айлдык кеңеште 7560 депутатты шайлашат.

Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда өтөт. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.