Референдумда 29,4%, ал эми жергиликтүү шайлоодо 30,8% эл добушун берди (жаңыланат)

БШКнын саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, өлкөдө жергиликтүү кеңешке шайлоодо 30,89%, ал эми Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда 29,44% шайлоочу добуш берди. Референдумда дагы деле Ош шаары активдүүлүгүн көрсөтүүдө (38,26%). Баарынан Бишкекте добуш бергендер аз болууда (24,30%).

Жалпысынан өлкө боюнча референдумда добуш берүүгө 1 061 591, ал эми жергиликтүү кеңешти шайлоого 1 024 891 шайлоочу катышты. Мындай айырма референдумдагы шайлоочулардын саны башынан эле 9 миңге көп болгондуктан келип чыккан.

Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өттү деп эсептелиши үчүн жалпы шайлоочулардын жок дегенде 30%ы келиши керек. Эгерде бул көрсөткүчкө жетпей калса, референдум өткөн жок деп табылат.

Дагы окуңуз: Жергиликтүү шайлоого барам, бирок референдумга каршымын дегендер үчүн нускама