Бишкекте кызга кол көтөрүүгө шектелген жаран кармалды

Сүрөт: Милициянын кайгуул кызматы

Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы 11-апрелде Бишкек шаарында кызга кол көтөрүүгө шектелген жаран кармалганын билдирди.

Алардын маалыматына караганда, окуя Кустанай жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 19:00дө болгон. Милиция келген учурда 1987-жылы туулган жабырлануучу чала тааныш адам аны сабап, Mercedes Benz унаасына отуруп качып кеткенин айткан.

Шектүү кылмыштын изи сууй электе колго түшкөн. Ал 1992-жылы туулган жаран болуп чыккан. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн кармалган адам Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Иштин материалдары КЖБРге «Ээнбаштык» беренеси менен катталган.

Тема боюнча: Ысык-Ата: 5 жаштагы өгөй баласын аёосуз сабаган кишинин иши сотко өттү