Бишкектин милициясы НДПКнын үгүтчүлөрүн «добуш сатып алууга» шектеп жатат

11-апрелде Бишкектеги №1208 шайлоо участкасындап «Клооптун» байкоочусу милиция НДПК партиясынын эки өкүлүн кармаганын кабарлаган. Алардын унаасынан акча жана үгүт материалдары табылды.

Ошол күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына аталган участканын алдында белгисиз киши 1000 сомдон таратып жатат деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери Ravon үлгүсүндөгү унаанын ичинде отурган аял менен эркек кишини кармашкан.

«Унаада Ю.Б. аттуу аял отурган, ошондой эле тинтүү учурунда салондун арткы отургучунда күрөң түстөгү капчык болгон. Капчыкта 18 миң 790 сом, 202 АКШ доллары, 4 миң рубль, айдоочунун күбөлүгү жана Э.А. аттуу жаранга таандык паспорт табылган. Мындан сырткары, акча которуу жөнүндө эки дүмүрчөк, эки банктык карта жана Ж.Б.га тиешелүү бир банктык карта табылган», — деп берилет Бишкек ШИИБнин билдирүүсүндө.

Биринчи май РИИБси бул окуя боюнча «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыктары боюнча, Бишкек шаардык кеңешине «Эмгек», «Ак Бата», «НДПК», «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы — түз эфир