Акыркы суткада коронавирустун жаңы 227 учуру катталды, төрт бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 13-апрелде коронавирустун жаңы 227 учуру катталгандыгын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 141;

Чүй облусунда — 64;

Ош шаарында — 6;

Ош облусунда — 2;

Баткен облусунда — 2;

Ысык-Көл облусунда — 9;

Жалал-Абад облусунда — 1;

Нарын облусунда — 1;

Талас облусунда — 1

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 90 599га жетти. 

Ал эми акыркы суткада 124 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 81, Чүй облусунда — 30, Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында — бирден, Ысык-Көл облусунда — сегиз Баткен облусунда — эки бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 86 152 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 932 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 213 киши оор, 33 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 017 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 348.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — үч, Чүй облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 532 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарында төрт медиктен коронавирус катталды. Бишкек жана Ош шаарларынан, Чүй облусунан жана Талас облустарынан — бирден медик илдетке чалдыккан. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 311ге жетти, анын ичинен 4 241 медкызматкер илдеттен айыкты.