Кара-Сууда зордукталган окуучу: Тургундар акимиатка митингге чыгышты

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кайрагач участкасынын 30дан ашуун тургуну 9-апрель күнү райондук администрациянын алдына митингге чыгышты. Алар өспүрүмдөрдүн коопсуздугунан улам бир нече жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылышты.

Тургундардын айтымында, аталган аймакта мектеп жок — окуучулар Ош — Бишкек жолу менен 3-4 чакырым алыстыктагы мектепке барып келишет. Ошондой эле, аймакта балдар үчүн кооптуу жээги тосулбаган Отуз-Адыр каналы бар.

Мындан улам жергиликтүүлөр каналдын жээгин тосууну, мектеп салууну жана алардын аймагынын тушундагы жолго тротуар салууну талап кылышты.

«7 жашар кыз зордукталды. Бир бала унаадан качам деп каналга түшүп кетип каза болду. Дагы бир баланы унаа сүзүп кетти. Дагы башка учурлар көп. Ошондуктан бизге мектеп куруп беришсе балдар чоң жолдун бою менен алыска мектепке барбайт эле. Алардын коопсуздугуна кабатырланып жатабыз», — деди чогулгандардын бири Мутабархан Акимбаева.

Тургундар эгер алардын маселеси чечилбесе «Ош - Бишкек жолун тосууга аргасыз болобуз» деп билдиришти.

Аталган участка жайгашкан Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Маматазим Абдуллаев каражаттын жоктугунан улам аймакка салынып жаткан мектептин курулушу 2014-жылдан бери токтоп турганын айтты.

Ал эми Кара-Суу районунун акиминин орун басары Капар Адиев участканын айыл макамы жок болгондуктан көйгөй чечилбей жатканын айтты. Ошондой эле, мектептин курулушу «жанданып калат» деп ишендирди.

«Айыл макамы жок болгондуктан жол белгилери коюлган эмес. Бул жаңы кооптуу аймактардын тургундары көчүрүлүп келген. Макам боюнча документтердин негизгилерин бүтүрдүк, дагы “чийки” болуп жатыптыр. Ошол документтер бүтүп, айыл макамын алгандан кийин жол белгилери коюлуп, башка маселелери чечилет», — деди Адиев.

7-апрелде аталган аймакта 1-класстын окуучусу зордукталып, оор абалда ооруканага түшкөн. Кийинчерээк буга шектүү катары Кара-Суунун Мады айылынын 26 жаштагы тургуну кармалып, кылмышты мойнуна алган.

Жабырлануучу кыз таятасы менен таенесинин карамагында болуп, ал эми ата-энеси Орусияга иштегени кеткени белгилүү болгон. Аталган факт «Зордуктоо» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

«Кыздын абалы оор». Кара-Суунун тургуну 1-класстын окуучусун зордуктоого шектелүүдө