«Кыздын абалы оор». Кара-Суунун тургуну 1-класстын окуучусун зордуктоого шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынын 26 жаштагы тургуну 1-класстын окуучусун «зордуктоого» шектелип кармалды. Милициядан шектүү кылмышты мойнуна алганын билдиришти.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» маалымдагандай, окуя 9-апрелде аталган райондун Кайрагач айылында орун алган. Аширбаев кыздын абалы «оор» деп белгиледи.

7 жаштагы секелектин зордукталганы тууралуу милицияга Ош облустук төрөт үйүнүн дарыгерлери кабарлаган. Ооруканага кызды таенеси менен таятасы алып келген.

«Кыз Кайрагач айылынын талаасы аркылуу үйүнө кетип жаткан учурда белгисиз азиат улутундагы бала тарабынан жыныстык жактан зордукталып, алган жараатынан улам ооруканага оор абалда жеткирилген», — деп билдирди Ош ОИИБиден.

Окуучу кыз таятасы менен таенесинин карамагында болгон. Ал эми ата-энеси Орусияга эмгектенгени кеткен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Зордуктоо» беренеси менен катталып, жабырлануучуга жана кылмышка шектүүгө тийиштүү далил буюмдар алынды. Шектүү Кара-Суу районунун Садирбай айылында туугандарынын үйүндө жаткан жеринен кармалган.

Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук

Өткөн айдын аягында Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту 16-июлда он жаштагы кызды зордуктаган эркек кишини өмүр бою эркинен ажыратты.

Жарым жыл мурун Ноокен районунда 9 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого айыпталган 57 жаштагы киши эки жылга эркинен ажыраган. Айыпталуучу күнөөнү мойнуна толугу менен алган.

Ал эми 2019-жылдын январь айында Ош облусунун милициясы өспүрүм кызыны зоруктап жүргөн кишини кармаган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, айыпталуучу кызын жубайы каза болгондон кийин зордуктап баштаган. Тергөө убагында соттолуучу кызын бир жылга жакын убакыт «зордуктап жүргөнүн» мойнуна алган. Натыйжада сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан.

Өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36ы өзгөчө оор жана 2248и жеңил.

Ошондой эле жашы жете элек балдарга 222 жыныстык зомбулук фактысы катталды. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз болоорун билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийин Бишкекте — 33, Ош шаарында — 27, ал эми Ысык-Көл облусунда 26 учур катталган.

Ал эми 2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши катталган. Анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.