Коммерциялык спектаклдарга акысыз ойноодон баш тарткан театр артисттерине байланышкан чырдан улам маданият министрлиги театр жетекчилигине эскертүү берди. Буга жооп кылып, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башчысы Керим Турапов 25 артисттин Эл аралык театр күнүнө катара берилүүчү «чакан сый акысын» кыркты.
Тураповдун айтымында, эскертүү бир гана ага эмес, көркөм жетекчи менен башкы балетмейстерге дагы берилген.
«Текшерүүдөн кийин коммерциялык спектаклдерге ойной турган артисттер менен эмгек келишимин түзүү тапшырмасы берилди. Биз бул багытта иштеп жатабыз, комиссия түзүлдү, курамында юристтер дагы бар, жакында баары даяр болот», — деп белгиледи Керим Турапов.
Театрда эмне болду эле?
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрынын артисттери 6-мартта сахнага чыгуудан баш тартып, көрүүчүлөрдөн кечирим сурашкан.
Нааразы болгон көрөрмандардын айтымында, алар орусиялык жылдыздардын катышуусундагы «Ак куу көлү» («Лебединое озеро») балетин 40 мүнөткө чукул күтүшкөн. Кийинчерээк улуттук балет театрынын артисттери чыгып, спектакль болбой турганын жарыялашкан.
Кийинчерээк артисттер театр жетекчилигине үнүн жеткирүү үчүн мындай кадамга барууга аргасыз болгонун билдиришкен.
Балет бийчилеринин айтымында, алардын жеке ар бири менен эмгек келишими түзүлгөн эмес — Эмгек кодексинин жалпы жоболорун камтыган жамааттык келишим гана бар. Бул келишимде коммерциялык долбоорлордо эмгек акыларын төлөө, оюндардын саны сыяктуу бир катар орчундуу маселелер каралган эмес — бир айлык эмгек маянасы гана бекитилген. Ал 9 миң сомду түзөт.
Жеке ишкерлердин демилгеси менен коммерциялык спектаклдер коюлганда, чет элдик артисттер менен чогуу сахнага чыгуу үчүн кыргыз операсынын бийчилери, хор, оркестр жана солисттер сый акы алышпайт. Ошол эле кезде, биздин бийчилерибиз балет үчүн атайын бут кийим жана башка керектүү буюмдарды өздөрү сатып алышы керек. Театрда берилген атайын кийимдердин сапаты начар.
«Бул маселе биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок, биз мындай адилетсиздикке акыркы үч директордун жетекчилигинде туш болуп жатабыз. Буга чейин пикир келишпестиктерди жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткирбей, театр көшөгөсүнүн артында эле чечкенге аракет жасачубуз. Тилекке каршы бизди эч ким уккан жок, канча жылдан бери бизди кулдай иштетип жатышат, биз ишибизди толук аткарсак дагы, тиешелүү эмгек акыбызды алган жокпуз», — деп балеттин солист бийчиси Марад Сыдыков айтып берген.
Балеттин дагы бир бийчиси, Екатерина Белоустун айтымында, артисттер «дээрлик акысыз иштеп жатышат, пайданын баарын башка кишилер көрүп жатышат». Ал турсун, бул кишилер театрга жана маданият министрлигине эч бир байланышы жок. Артисттер чет элдик кесиптештер менен бир сахнага чыгууга каршы эмес, бирок ошол эле учурда алардын эмгеги да татыктуу төлөнүшү зарыл.
«Укуктук негизди түптөбөй туруп иштеп, биз Маданият министрлигин оңтойсуз абалда калтырып жатабыз. Биз муну каалабайбыз. Эгер кайсы бир уюмдун же жеке кишинин чет элдик артисттерди алып келгенге акчасы бар болсо, чакыра беришсин. Бирок, ошол эле учурда артисттердин бардыгына бирдей шарт түзүлсүн», — деп Белоус билдирген.
Кийинчерээк театрдын жетекчиси Каримберди Турапов мындан ары коммерциялык спектаклдер коюлбай, чет элдик артисттер чакырылбай турганын билдирген.
Балет театрындагы чуу өкмөткө чейин жеткен. 2021-жылдын 9-мартында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жаңжалдашкан эки тарап жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен жолуккан.
Новиков Маданият министрлигине жеке ишкерлер алып келген коммерциялык оюндар коюлганда жергиликтүү театр артисттеринин эмгек акысы боюнча маселелерди мыйзамдарда жазуу тапшырмасын берген. Ошондой эле, министрлик артисттердин сахнага чыгуусунун санын эске алып туруп, эмгек акысын төлөө жадыбалын түзүшү керек. Ал эми театрдын жетекчилиги репертуардагы спектаклдерди калыбына келтирип, «ар түрдүү жана кызыктуу программаны» түзүүгө милдеттүү.
Маданият министрлиги жаңжалды иликтөө боюнча атайын комиссия түзүп, ага юристтер, аудиторлор жана балет труппасынын өкүлдөрү кирген.