«Ошэлектронун» имаратын сатууга айыпталган «Кадастрдын» Оштогу башчысы үй камагына чыкты

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын башчысы Ильяз Сансызбаев

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын башчысы Ильяз Сансызбаев үй камагына чыкты. Ал УКМК тарабынан «Ошэлектро» ЖАКынын административдик имаратын арзан баада сатууга жана жеке тарапка өткөрүп жиберүүгө айыпталып кармалган болчу.

Ош шаардык соту Сансызбаевдин бөгөт чарасын 7-апрелде карап, анын жаш курагын, Ош шаарында туруктуу жашаган жерин жана үй-бүлөлүк абалын эске алган.

«Ошэлектро» ЖАКынын имаратынын аянты 600 чарчы метрди түзөт. Ал 16,65 сотых жерде жайгашкан. Мындан бир жыл мурун аталган имарат аукционго коюлуп, 8 млн сомго сатылган.

Атайын кызмат маалымдагандай, Сансызбаев белгиленген тартипти бузуп, көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз чыгарган. Ал менчикке бербестен убактылуу пайдаланууну камсыз кылышы керек болчу. Аталган факт «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен катталган.

Буга чейин 20-январда «Ошэлектронун» мурдагы башчысы Дыйканбай Даминов кармалган. Даминов ишкананын имаратын сатуу боюнча аукцион өткөрүп, мамлекетке 30 млн сомдук зыян келтиргендиги аныкталган. Ал эми Даминов өзү айыптоолорду четке каккан.

Тема боюнча:

«Кадастрдын» Оштогу башчысы «Ошэлектронун» имаратын сатып жиберүүгө айыпталууда