Акыркы суткада коронавирустун жаңы 305 учуру катталды, алты бейтап каза болду

Сүрөт: ССМ

Республикалык штабдан 15-апрелде коронавирустун жаңы 305 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 259, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 46.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 186;

Чүй облусунда — 89;

Ош шаарында — 7;

Баткен облусунда — 2;

Ысык-Көл облусунда — 12;

Жалал-Абад облусунда — 4;

Нарын облусунда — 1;

Талас облусунда — 4.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 91 144кө жетти. 

Ал эми акыркы суткада 178 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 109, Чүй облусунда — 55, Ош шаарында — 2, Баткен жана Жалал-Абад облустарында — бирден, Ысык-Көл облусунда — алты, Нарын облусунда — төрт бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 86 491 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1010 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 263 киши оор, 35 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 139 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 986.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт, Чүй облусунда — эки COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 540 киши көз жумду.

Ошондой эле, Бишкек шаарында — 9, Чүй, Ыссык-Көл облустарында жана Ош шаарында — бирден медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 338ге жетти, анын ичинен 4 251 медкызматкер илдеттен айыкты.