Мамашова үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды кесипке акысыз үйрөтүүнү сунуштады

Депутат Айсулуу Мамашова 15-апрелде парламент отурумунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кризистик борборлордо үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдарга жана жалгыз бой энелерге акысыз билим берүүнү киргизүүнү сунуштады.

Мамашованын айтымында, алар кесиптик-техникалык окуу жайларында кесипке ээ боло алышмак. Окуудан кийин аялдар турмуштун оор кырдаалынан чыгууга жеңилирээк болот.

«Өкмөттөн эң кыска убакытта бул маселени карап чыгууну жана кризистик борборлорго кайрылган, же жөн гана барарга жери жок болгондуктан үй-бүлөсүнөн кете албаган аялдар үчүн бул маселени тезинен чечип берүүнү өтүнөм. Ур-токмокко алынган, өлтүрүлгөн үй-бүлөдөн кетип калайын десе, балдарын багыш керек, ал үчүн жумуш тапканга алардын диплому, кесиби жок», — деп Мамашова чакырды.

Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан колдонуудагы мыйзамды карап чыгуу зарылчылыгы бар экенин билдирген. Бирок мыйзамдын кайсыл бөлүгүн өзгөртүү керектигин ачык айткан эмес.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Өлкөдөгү аялдардын 83%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу психологиялык басым көрсөтүүгө, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Буга Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөлөрү далил болуп турат.

Ошол эле учурда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук аялдардын көзүн тазалоо учурларына алып келгени аз эмес. Киши колдуу болгон аялдар көбүнчө баш кошкон күйөөлөрү же жарандык никеде бирге жашаган өнөктөштөрүнүн колунан ажал табышкан.

Кыргызстанда эркектерди өлтүргөн аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонгон. Бирок алар түгөйүн өлтүрүп алган болсо, тергөө менен соттордун ырайымынан үмүт кылбай деле койсо болот. Көп учурда адам өлтүрүү үчүн соттолгон аялдар күйөөсү же өнөктөшү тарабынан ур-токмокко алынганына даттанышкан, бирок сот бул фактыны эске алган эмес.

Дагы окуңуз:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт