«Садыр 1:0 Гурбангулы». Жапаров сунуштаган дары боюнча соцтармактардагы реакция

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин ал сунуштаган уу коргошун кыргыз медицинасында коронавирусту дарылоо үчүн пайдаланып жатканы ачыкталды. Муну Саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү тастыктап, ал тургай 16-апрелдеги маалымат жыйында ичип көрсөттү.

Анткен менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова «уу коргошун» же «Ысык-Көл тамыры» COVID-19дан айыктырбайт деп билдирди. Ал эми далилдөөчү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова «уу коргошун» менен дарылануу өтө кооптуу болгонун жана аны пайдалануу туура эместигин белгиледи.

*«Ысык-Көл тамыры» же «уу коргошун» медицинада «Жунгар аконити» деп аталат. Аконит уулуу өсүмдүктөрдүн катарына киргени менен салттуу медицинада колдонулат. Анткен менен «уу коргошундан» жасалган суюктукту ичип каза болгондор да жок эмес.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрым соцтармак колдонуучулары Жапаровду жана саламаттык министрин сындап, мемдерди жасашты.

ТЕМА БОЮНЧА: 

«Өлүп калбасам иче берсе болот». Саламаттык сактоо министри «уу коргошунду» ичип көрсөттү

Бейшеналиев: Коронавирусту дарылоо үчүн уу коргошундун дозасын президент гана аныктайт