Фактчек: Зомбулукка каршы митингди үзгүлтүккө учураткандардын башында милиционерлер турган

Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнүн Youtube-каналында ИИМдин алдында өткөн 15-апрелдеги зомбулукка каршы митингди кимдер үзгүлтүккө учуратканын ачыктады. Анда акцияда чагымчылдык уюштургандардын башында милиционерлер турганы белгилүү болду.

«Бизге акцияны үзгүлтүккө учураткандар милиция кызматкерлери болгон деген маалымат келип түштү. Ошондой эле “жогорудан” ар бир кызматкерге бештен адам алып келүү тапшырмасы берилгени айтылды. Биз муну текшерип, соцтармактарда жана ЖМКларда болгон бардык видеолорду чогулттук. Андан кийин биз ар бир провокаторду карап чыктык», — деди Темиров.

Темиров чагымды Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Чыңгыз Иманалиев баштаганын билдирди. Революцияга чейин Иманалиев тергөө кызматында иштеп келген. Ал 2019-жылы 12 жаштагы баланы уурдаган кылмышкерлерди кармаганы үчүн сыйлык алган.

Ошондой эле провокацияда Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Чолпонкулов жана анын эки нөкөрү — подполковник Эрмек Тешебаев менен Самат Алсейитов да болушкан.

Чолпонкулов бул башкармалыкты ички иштер министри Улан Ниязбековдун алдында жетектеп баштаган. Журналист Чолпонкулов жана министрдин туугандык байланышы бар болгонун божомолдоду.

Мындан сырткары алардын арасында Октябрь РИИБнин башчысынын орун басары Азиз Бекназаров, Биринчи май РИИБдин 10-бөлүмүнүн башчысы Турусбек Касымакунов жана Ысык-Көл облусттук милициянын мурдагы жетекчиси Жалил Илипбаев да болушкан. Ошондой эле ал жерге Султан Жоошбаев башында турган ИИМдин ардагерлери да келген.

Темиров милиция кызматкерлеринин өздүгү социалдык тармактар аркылуу аныкталган деп кошумчалады. Мындан сырткары ал митингде чагым кылган көптөгөн күч органдары таанылбай калып, эгерде кимде маалымат болсо журналисттер менен байланышууну өтүндү.

Ал арада ИИМдин басма сөз кызматы Темировдун иликтөөсүнө дароо жооп берип, журналисттин сөздөрүн «божомол жана ушак» деп атады.

«Чынында видеодо ИИМдин кызматкерлери бар, бирок алар тынчтык митингине өз демилгеси менен тыныгуу убагында келишкенин белгилөө керек. Тескерисинче алар митингге чыккан эки тараптын ордунда чыр чыкпашыны көзөмөлдөп турган», — деп билдиришти министрликтен.

Зомбулукка каршы акцияны үзгүлтүккө учуратуу

15-апрелде Ички иштер министрлигинин алдында зомбулукка каршы нааразычылык акциясы башталган. ИИМдин алдындагы митингдер Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, кийинчерээк киши колдуу болгондон кийин башталган.

Чогулгандар өз убагында чара көрбөгөн милиция кызматкерлерине нааразы болушуп, ИИМдин жетекчилигинин отставкасын талап кылышкан.

Көп өтпөй ал жерге бейөкмөт уюмдарга каршы митингдин катышуучулары барышып, акцияны үзгүлтүккө учураткан — чымыр денелүү, олбурлуу кишилер митингчилерди көздөй келип, аларды ИИМ имаратынын алдынан сүрүп чыгарганга аракет кылган.

Алгач милиция кызматкерлери топ-тобу менен келген олбурлуу кишилерди токтотконго аракет кылды, бирок ал ишке ашкан эмес.

Кепканы баса кийип, бетине бет кап тагып алган кишилер Рита Карасартова жана Өндүрүш Токтонасыров баштаган жарандык активисттерди ИИМдин имаратынын алдынан Эркиндик гүлбагын көздөй сүрүп чыгарган.

Жарандык активисттер олбурлуу кишилер алардын телефондорун тартып алып ыргытып салганын айтышкан. Алар мындай басымдын баары милиция кызматкерлеринин көзүнчө болгонун, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көрүп турса да чара көрбөгөнүнө нааразы болушкан.

ИИМдин башчысынын отставкасын талап кылган митингди белгисиз кишилер үзгүлтүккө учуратты