Өткөн суткада COVID-19дун жаңы 244 учуру катталып, үч бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Дмитрий Мотинов, Kloop үчүн.

Республикалык штаб 18-апрелде өлкөдө коронавирустун 244 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында төрт медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 158 (эки медкызматкер);

Чүй облусунда — 54;

Ысык-Көл облусунда — 16 (бир медкызматкер);

Ош облусунда — беш (бир медкызматкер);

Талас облусунда — беш;

Ош шаарында, Баткен жана Жалал-Абад облустарында экиден киши илдетти жуктуруп алды.

Ошондой эле өткөн суткада 134 бейтап айыкты — анын арасында 2 медкызматкер бар. Бишкек шаарында — 98, Чүй облусунда — 23, Ысык-Көл жана Баткен облустарында бештен, Жалал-Абад обусунда эки, Нарын облусунда бир киши сакайып ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында эки жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 91 883кө жетти — алардын ичинде 4 354 медик бар. Оорудан 86 907 бейтап айыгып, 1 549 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 227 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 48и өтө оор абалда. Мындан сырткары 1 229 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.