Акаевдин саламаттык сактоо министрин кызматтан алуу сунушу комитетте колдоо тапты

Жанар Акаев, Алымкадыр Бейшеналиев

Депутат Жанар Акаев парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кетирип, анын ордуна компетенттүү кишини дайындоону сунуштады. Анын сунушун комитет колдоого алды.

Акаев өз сөзүндө министр кыргыз медицинасын уят кылганын белгиледи.

«Бизде эмне, врачтар жокпу? Ошончо жылдан бери эмгектенип келе жаткан бүтүндөй кыргыз медицинасын так ушул министр абдан уят кылды жана аларга ишенбестик көргөзүп, мына ошол күндөн баштап, азыр Кыргызстанда табыпчылык күчөп баштады… Бул ушул министрдин эң чоң катасы. Бүт дүйнө, дүйнөлүк илимдин адамдары таппай жаткан нерсени, «мына деп тапканы» бул күлкү», — деди ал.

Депутат андан сырткары, кокус, коронавирус менен ооруган бейтап айыкса аны уу коргошундан жакшы болду деп, ал эми өлүп калса СOVID-19дан өлдү коюу адатка айланат деп кооптонду. Андыктан министрди кетирүүнү премьерге сунуштоо керектигин кошумчалады.

«Мындай министрди [кызматтан алууну], [...] биз премьер-министрге сунушташыбыз керек — аны кызмат ордунан алып, анын ордуна, сабаттуу, компетенттүү министрди дайындашы керек», — деди ал.

Коронавирусту уу коргошун менен дарылоо

15-апрелде президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы аккаунтунан дарыгерлер коронавирустан айыктыруучу дары тапканын билдирген. Андан тышкары дарыны жасап жаткан видео дагы чыгарган. Анда белгисиз кишилер уу коргошун же «Ысык-Көл тамыры» деп аталган чөптөн жасалган тундурманы бөтөлкөлөргө куюп жатканын көрүүгө болот.

Нускамасында тундурманы муздак ичүүгө таптакыр тыюу салынары көрсөтүлгөн — антпесе өлүмгө алып келиши мүмкүн деп жазылган.

«Коронавируска, ашказандын рак оорусуна, пневмонияга [...] дарылык касиети зор. Суу экен деп ичип албаш үчүн балдар [жетпей турган жерде] сактоо керек. Дарыгердин көрсөтмөсү менен ичиш керек», — деп айтылат нускамада.

Көп өтпөй Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан короновирусту уу коргошун менен дарылоо мүмкүн эмес деп билдиришкен. Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова Жапаровдун билдирүүсүн Кыргызстандагы медицина жана илимге шек келтирүү катары сыпаттаган. Барыктабасова саламаттык сактоо системасын бул көрүнүшкө бөгөт коюуга чакырган.

«Кайталап коёюн: аконит — бул уулуу өсүмдүк. Ал башка уулуу өсүмдүктөрдүн арасында да аз изилденген. Андан алысыраак болуу керек, муну адамдар түшүнөт [...] Аконитти колдонуу — өтө тез өлүмгө алып келет же анын кесепеттери да азаптуу. Уу организмдин ууланышына алып келет, бөйрөктөр жана боор иштебей калгыдай жаракат алат. Организм уулануудан өлөт», — деген ал.

Ал эми 16-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «президент Жапаровдун рецеби менен уу коргошундун кайнатмасы даярдалып», коронавируска чалдыккан бейтаптарга ичирип жатышканын ырастаган. Анын айтымында, «Ысык-Көл тамыры» же уу коргошун чөбүнүн тамырын ичкен бейтаптардын ПЧР-анализдери «эки-үч күндө» терс жыйынтык көрсөтүп жатат.

Ошондой эле, тундурманы кайнатып түз эфирде өзү дагы ичкен. Андан тышкары, уу коргошундун дозасын бир гана президент аныктарын кошумчалаган.

Президенттик аппарат уу коргошундун тундурмасы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, бардык санитардык талаптарды сактоо менен даярдалып жатканын 24.kg басылмасына билдирген. Ошондой эле кайнатма даяр болгондо дароо ооруканаларга түшөрүн, эркин сатыкта жок экенин кошумчалашкан.

Фейсбук Жапаровдун билдирүүсүн өчүрдү

Ал ортодо Фейсбук Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун «COVID-19 дартынан уу коргошун айыктырат» деген тариздеги постун өчүрдү. Бул маалыматты аталган социалдык түйүндүн басма сөз кызматы кат түрүндө «Азаттыкка» тастыктаган.

«Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз», — деп билдиришкен Фейсбуктан.

Ысык-Көл тамыры жөнүндө

Ысык-Көл тамыры же аконит уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү.

Аконитин булчуңдарды тырыштырып, шал кылуу таасирге ээ, тери, чел кабыктар аркылуу тез, ал эми ичеги аркылуу андан да тез сиңирилет. Кычыштырат жана анестезиялык касиеттери бар.

Уу коргошунду өз билемдик менен кайнатып ичкенде ууланышат. Уулануудан каза болгон адамдардын сөөгүн союп ачканда гастроэнтериттин белгилерин, жүрөк булчуңдарынын, боордун, бөйрөктүн дистрофиялык өзгөрүүлөрүн, ашказанда бул өсүмдүктүн калдыктарын табышат.