Ош облусунун башчысынын кеңешчиси болуп Нуркыз Кадырбекова дайындалды

Нуркыз Кадырбекова

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовдун кеңешчиси болуп Нуркыз Кадырбекова дайындалды. Тиешелүү буйрукка Абдураимов 19-апрелде кол койду.

Ал эми Кадырбекованын ордуна өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы болуп Эрмек Маратбек уулу бекитилди.

Кадырбекова буга чейин Ош облустук администрациянын басма сөз катчысы болуп иштеген. Ошондой эле, ал «Ыйман Нуру» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешине депутаттыка аттанган. Аталган партия 11-апрелде өткөн шайлоодо үчүнчү орун менен жеңишке жеткен.

«Ыйман Нуру» партиясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков — Кадырбекованын бир тууган агасы. Кадырбеков үстүбүздөгү жылдын 3-февралына чейин маданият министри болуп турган. Улукбек Марипов баштаган министрлер кабинетине кирген эмес.

Кадырбекова 2020-жылы бийликчил «Биримдик» партиясы менен Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына аттанган. Бирок депутаттарды шайлоо коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын апрелине жылдырылган.