Ошто дагы эки окуучудан COVID-19 аныкталып, мектеп 14 күнгө жабылды

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Егор Алеев/ТАСС

Ош шаарындагы №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын 2 окуучусунан COVID-19 аныкталды. Аталган мектеп 19-апрелде эки жумалык карантинге жабылып, сабактар онлайн окутулат.

Буга чейин, 13-апрелде, калаанын «Олимп» жана «Жетиген» мектептеринде да эки окуучу илдетке кабылган болчу. Алар бир туугандар болуп, коронавирусту ата-энесинен жуктурганы айтылган.

Мындан улам алар менен байланышта болгондордон анализ алынып, аталган мектептер да эки жумага жабылган. Ал эми мектеп аралыктан окутууга өткөн.

Өлкөдө 19-апрелге карата COVID-19дун жаңы 221 учуру катталды — анын ичинен үчөө Ош шаарында аныкталды. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 92 095ке жетти, алардын 87 056сы айыгып, 1 555 киши каза болду.