Коронавирус: Бүгүнкү күндө Бишкекте 12 мектеп карантинге жабык

Ордо калаанын Билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, шаарда бүгүнкү күндө 12 мектеп карантинге жабык. Мекеме алардын айрымдарында жакынкы күндөрү офлайн-форматта окутуу башталаарын билдирди.

Мектептер санэпидкөзөмөлдүн көрсөтмөсү жана директордун чечими менен, 5 күндөн 14 күнгө чейин жабылууда. Жетекчиликтин мындай кадамга барышына экиден көп окуучу же кызматкерден коронавирус аныкталганы себеп болууда.

19-апрелге карата алынган маалыматка таянсак, Бишкекте 29 мектеп окуучусу жана 22 мугалим COVID-19 дартына чалдыккан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, апрелдин аягына чейин борбор калаадагы №13, №28, №52, №32, №10, №35 мектептер ачылат.

Дагы беш мектеп 3-майда кадимки тартипте ишин баштайт — №67, №24, №26, №63, №17 мектептери. Ал эми №12 мектепти ачуу 4-майга пландалган.

Буга чейин Бишкек мэриясы шаардын бардык мектептери менен бала бакчалары эпидкырдаалга байланыштуу 12-апрелден тартып белгисиз мөөнөткө аралыктан окууга кетишээрин билдирген болчу.

Бирок кийин Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева 8-апрелдеги маалымат жыйында, 14-апрелден тартып 1-5-класстар жана 9 жана 11-класстын окуучулары үчүн окуу процесси офлайн режимде уланарын билдирген.

Бирок окуучулар эгерде класста коронавирус аныктала турган болсо карантинге жөнөтүлөт.Бишкектин мектептери офлайн окууга республикада эң акыркылардан болуп кайткан, себеп дегенде борбор калаа оору жуктургандардан саны боюнча дагы деле алдыда болууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 20-апрелге карата Бишкек жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык абал оорлошуп кетти — COVID-19 жуктургандардын саны барынан көп болуп жатат.