Курманкул Зулушев: Прокурорлордун айлыгы аз, менин маянам 28 миң сом

Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокурорлордун айлыгы аз экенин, коррупция менен күрөшүү натыйжалуу болуп, прокуратура органдарындагылар таза иштөөсү үчүн алардын маянасын көтөрүү керектигин айтты.

20-апрелде Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында Башкы прокуратуранын 2020-жылы жасаган иштери боюнча отчёт берди.

Зулушев кошумча төлөмдөрдү кошпогондо 28 миң сом айлык аларын айтып, орун басарларынын айлыгы 23-25 миң сом экенин билдирди. Ал эми облус жана райондун прокурорлору мындан дагы аз маяна алат.

«Облустун прокурорлору 20 миң, райондун прокурорлору 17,500 сом, орун басарлары 16,500, жөнөкөй ыкчам жардамчылар 12,500 сом алат. Коррупция менен жигердүү күрөшөбүз, прокуратура кызматкерлери таза иштейт десек, анда эмгек маянасын сөзсүз көтөрүшүбүз керек. Аз маяна менен эч кандай ийгилик жарата албайбыз», — деди ал.

Мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратурада иштегендердин көбүнө ата-энелери жардам берерин айткан болчу. Анткени алардын алган айлыгы жашоо-турмушуна жетпейт.

Ал эми 2018-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев прокурорлор 30 миң сом эмес, 30 млн сом алгандай жашарын айткан болчу. Эл өкүлү шаардык прокуратуранын алдында өтө кымбат, люкс классындагы автоунаалар токтоп турарын белгилеген. Андыктан ал «үрүп чыгар ити жок» прокурорлор мындай байлыкты кайдан тапканын текшерүү керектигин сунуштаган.

«Кактус медиа» басылмасы Бишкектеги прокурорлор кандай автоунааларда жүрөрү тууралуу материал даярдаган. Анда прокуратуранын имаратынын алдында жана анын машине токтотуучу жайында орто класстагы унаалардан тартып кымбат баалуу жол тандабастарга чейин токтоп турганын көрүүгө болот.

ТЕМА БОЮНЧА - 

Статком: Кыргызстанда 50 миңдей киши 5500 сом айлык алат