Кыргызстанга COVAX программасы боюнча 400 миң шприц келди

16-апрелде Кыргызстанга 423 миң шприц жана аларды коопсуз утилизациялоо үчүн 3 825 атайын куту жеткирилди. Бул жөнүндө UNICEF эл аралык уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Шприцтер жана утилизация кутулары COVAX программасы боюнча биринчи партия катары келген.

«Бул демилге [COVAX] өндүрүүчүлөр жана өнөктөштөр менен COVID-19 дартына каршы вакциналарды сатып алуу, жеткирүү, логистика жана сактоо боюнча иш алып барат», — деп белгиледи UNICEF.

Келген медициналык каражаттар UNICEF тарабынан Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлдү.

Калкты коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталган. Азыркы учурда COVID-19 илдетине каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы гана сайылууда, ал үстүбүздөгү жылдын 19-мартында өлкөгө алынып келген. Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү пландалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Sinopharm вакцинасы 75 миң кишиге жетет.

Тема боюнча: Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө кандай өтүүдө? Түшүндүрөбүз