Журналист Актилек Капаров Бишкектеги «VIP» шаарчасында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун бир тууган эжеси хансарай куруп жатканын аныктады. Буга чейин соцтармактарда Сарыбашов Бишкекте үч кабаттуу үй куруп жатат деген маалымат тараган болчу. Бирок муну калаа башчысы четке каккан.

Капаровдун иликтөөсү «Temirov live» каналына 19-апрелде жарыяланды. Ал аталган шаарчага барып, мэрге таандык делген хансарайды тапкан. «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын сайтында аталган үй 2018-жылдын 16-февралында Бурулкан Осмоновага катталганы көрсөтүлгөн. Ал учурда Сарыбашов Ош облусунун башчысы болуп турган — андан жарым жылдан кийин Ош шаарынын мэри болуп шайланган.

Иликтөөчү Бурулкан Осмонова мэр Сарыбашовдун жээни экенин соцтармактагы байланыштар аркылуу аныктаган. Алгач Фатима Сарбашова (Сарыбашова болушу ыктымал) деген айымдын Одноклассникидеги эки аккаунтун табышкан. Анын биринде аталган аял Патиш Сарбашова деген ысым менен катталган.

«Анын мэр менен түшкөн бир нече сүрөттөрү бар. Шайлоочулардын тизме порталында ал адам Сарбашова Патила Насирбековна деп турат. Мындан улам Патила Сарбашова мэрдин бир тууганы деген жыйынтыкка келсе болот», — дейт Капаров.

Ошондой эле, Сарбашова фейсбук баракчасында Бурулкан Осмонованы жана Айгерим Бакытбекованы белгилеген. Бакытбекованын аккаунту аркылуу Патила Сарбашова анын апасы, ал эми Бурулкан Осмонова эжеси болгондугу аныкталды.

«Эмне үчүн мэр маалымат катчысы аркылуу мүлкү бар экендигин четке кагып, жалган маалымат таратып жатат деген суроо жаралат. Эгер ал бул хансарай менен байланышын четке какса, анда анын коомчулуктан жашыра турган бир нерсеси барбы?» — деп суроо салат Капаров.

«Ал видеодогу үй эмес, башкасы экен»

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абасттаров Бишкектин «VIP» шаарчасында Сарыбашовдун бир тууган эжесинин үй-бүлөсүнө таандык үй бар экенин тастыктады. Бирок иликтөөдө жарыяланган хансарай эмес дейт.

«Мен бул боюнча мэр менен сүйлөшкөнүмдө “Бишкекте курулуп жаткан үй бар, бирок ал эжем менен жездем өздөрү салып аткан үй” деди. Бирок ал видеодогу үй эмес экен, башка экен. Мэр "эжем менен жездем бизнесмендер" деп айтты», — деди Абсаттаров.

Мындан сырткары, Актилек Капаров Сарыбашов Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылына да хансарай курганын айтып өттү.

Гүлчө айылы — Сарыбашовдун кичи мекени. Капаров өз иликтөөсүндө Гүлчөдөгү үй менен Бишкекте курулуп жаткан хансарай архитектуралык жактан окшош экендигин белгилеген.

Резиденциядагы жашоо жана Алайдагы хансарай

Сарыбашов «Т-Медиа» басылмасына 2020-жылдын 3-декабрында маек куруп жатканда 30 миң сомдой маяна алаарын айткан. Ошондой эле, журналисттердин «Гүлчөдөгү хан сарайды кайсы акчага салдыңыз?» деген суроосуна «атама таандык үйдү бир туугандар чогулуп курганбыз» деп жооп берген.

«Үй-бүлөдө 11 бир тууганбыз. Баарыбыз бизнес менен алектенебиз. Мен да 15 жылдай Орусияда иштеп жүргөм. Эң кичине иним азыр атамын колунда. Ал Гүлчөдө жеке базар иштет. Ал эми менин үйүм жөнөкөй эле», — деген Сарыбашов.

Мындан сырткары, калаа башчысы буга чейин Ош шаарында үйү жок болгондуктан мамлекеттик резиденцияда жашоого туура келип жаткандыгын билдирген. Ош шаарындагы Түштүк резиденциядагы кызматтык үйдү 3 миллион сомго оңдошкон. Аталган турак жайдын тендердик баасы 3 млн 291 миң сомду түзгөн.

«Матраимовдун үйү бул жакта эле калат экен»

Кийинчерек Сарыбашов Бишкек шаарында үч кабаттуу үй куруп жатат деген видео тараган. Тасманын автору хан сарайды көрсөтүп жатып, «Райымбек Матраимовдун үйү бул жакта эле калат экен» деп комментарий берген. Мындан сырткары, автор үй Сарыбашовдун бир тууган эжесине катталгандыгын айткан.

«Ушундай туугандар, мэрди таза дейсинер [...] үч жыл иштеген учурда эле ушундай кылып койгон. Бул курулуш компанияларын "грузить" эткен да. Мындан башка да бүтүп калган объектилери бар. 38 батир алыптыр, Бишкекте да бир канча квартирасы бар экен. Жакында курулуш компаниялар баарын айтып беришет», — деп айткан тасманын автору.

Абсаттаров калаа башчысына таандык делген турак жайга Сарыбашовдун тиешеси жок деп ишендирген. Ал маалыматты тиешелүү органдар текшеришсе да болоорун кошумчалаган. Ошондой эле, видеодо 38 батир тууралуу айтылган маалымат да жалган деп белгилеген.

Таалайбек Сарыбашов

Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп 2018-жылдын июлунда шайланган. Ага чейин ал 2008-жылы Алай райондук кеңешинин депутаты, төрт жылдан соң Алай районунун акими, 2015-жылдан баштап калаа башчылыгына келгенге чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү кызматын аркалаган.

6-октябрда Ош шаарында борбордук аянтта орун алган башаламандыкта митингчилер мэрдин кызматын тапшыруусун талап кылышкан. Ош шаардык кеңешинин депутаттары да Сарыбашовду кызматынан алууну сунушташкан. Көп өтпөй анын иш бөлмөсүнө «Бир Бол» партиясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов кирип барып өзүн мэр деп жарыялаган.

Эртеси күнү Сарыбашовдун тарапташтары да митинг өткөрүшүп, ал жерге жүздөгөн Ош шаарынын жана Алай районунун тургундары чогулган. Митингчилерге Сарыбашов өзү дагы чыгып, «Менин оюм бир эле: элге таза, адилеттүү, калыс иштеп бериш! Шаарды өнүктүрүш, башка менде максат жок!» деген.

Тема боюнча: