Ош мэриясы: Сарыбашов Бишкекте хан сарай куруп жатат деген маалымат жалган

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров соцтармактарда калаа башчысына таандык хан сарай делген турак жайга Таалайбек Сарыбашовдун тиешеси жок деп ишендирди. Абсаттаров маалыматты тиешелүү органдар текшеришсе да болоорун айтты.

«Мэр маселе болсо эч качан жашырбай айтып келет. Мен эртең менен келип эле киргем, чын эле ушундай хан сарай барбы деп сурадым. Эгер каралоо болуп жатса аны да айтыңыз дедим. Бирок мэрдин тиешеси жок экен. Азыр баары ачык булактарда бар, тиешелүү органдар да бар, барып текшеришсе да болот», — деген Абсаттаров.

Сарыбашов Бишкек шаарында үч кабаттуу үй куруп жатат деген видео 6-мартта тараган. Тасманын автору хан сарайды көрсөтүп жатып, «Райымбек Матраимовдун үйү бул жакта эле калат экен» деп комментарий берген. Мындан сырткары, автор үй Сарыбашовдун бир тууган эжесине катталгандыгын айткан.

«Ушундай туугандар, мэрди таза дейсинер [...] үч жыл иштеген учурда эле ушундай кылып койгон.  Бул курулуш компанияларын "грузить" эткен да. Мындан башка да бүтүп калган объектилери бар. 38 батир алыптыр, Бишкекте да бир канча квартирасы бар экен. Жакында курулуш компаниялар баарын айтып беришет», — деп айткан тасманын автору.

Ош мэриясынан видеодо батирлер тууралуу айтылган маалыматтар жалган деп белгилешти.

Буга чейин өткөн жылдын декабрында Сарыбашовдун Ош облусунун Алай районундагы хан сарайы талкууга алынган. Бирок мэр Гүлчө айылындагы үй атасына таандык экенин жана аны бир туугандар чогулуп курушкандыгын билдирген.

Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп 2018-жылдын июлунда шайланган. Ага чейин ал 2008-жылы Алай райондук кеңешинин депутаты, төрт жылдан соң Алай районунун акими, 2015-жылдан баштап калаа башчылыгына келгенге чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү кызматын аркалаган.

Мэр үй-бүлөсү менен Түштүк резиденциядагы кызматтык үйдө жашап келет. Буга чейин Абсаттаров калаа башчысынын шаарда өз үйү жок болгондуктан резиденцияда жашарын айткан.