Оштун мэри хан сарай кимге таандык экенин жана канча маяна аларын ачыктады

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 30 миң сомдой маяна алат. Бул тууралуу калаа башчысы «Т-Медиа» басылмасына 3-декабрда маек куруп жатып билдирди.

Аталган басылманын түз эфиринен «Кактус» басылмасынын кабарчысы Марат Уралиев Сарыбашовго «Гүлчөдөгү хан сарайды кайсы акчага салдыңыз? Негизи айлыгыңыз канча?» деп суроо берген. Гүлчө айылы — Сарыбашовдун кичи мекени.

Мэрдин айтымында, Алай районунун Гүлчө айылындагы үй атасына таандык жана аны бир туугандар чогулуп курушкан.

«Үй-бүлөдө 11 бир тууганбыз. Баарыбыз бизнес менен алектенебиз. Мен да 15 жылдай Орусияда иштеп жүргөм. Эң кичине иним азыр атамын колунда. Ал Гүлчөдө жеке базар иштет. Ал эми менин үйүм жөнөкөй эле», — деп жооп берген Сарыбашов.

Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп 2018-жылдын июлунда шайланган. Ага чейин ал 2008-жылы Алай райондук кеңешинин депутаты, төрт жылдан соң Алай районунун акими, 2015-жылдан баштап калаа башчылыгына келгенге чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү кызматын аркалаган.

6-октябрда Ош шаарында борбордук аянтта орун алган башаламандыкта митингчилер мэрдин кызматын тапшыруусун талап кылышкан. Ош шаардык кеңешинин депутаттары да Сарыбашовду кызматынан алууну сунушташкан. Көп өтпөй анын иш бөлмөсүнө «Бир Бол» партиясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов кирип барып өзүн мэр деп жарыялаган.

Эртеси күнү Сарыбашовдун тарапташтары да митинг өткөрүшүп, ал жерге жүздөгөн Ош шаарынын жана Алай районунун тургундары чогулган. Митингчилерге Сарыбашов өзү дагы чыгып, «Менин оюм бир эле: элге таза, адилеттүү, калыс иштеп бериш! Шаарды өнүктүрүш, башка менде максат жок!» деген.