Зулушев: экс-башкы прокурор Жамшитовго кылмыш иши козголгон эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов азыр кайда экенин учурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевден сурады.

20-апрелде Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында Башкы прокуратуранын 2020-жылы жасаган иштери боюнча отчёт берди.

— Мурдагы башкы прокурор Өткүрбек мырза кайда жүрөт? Барбы деги?

— Өткүрбек Асилбекович Кыргызстанда эле болсо керек.

— УКМК, ИИМ угуп жатасыңарбы, ал киши кайда жүрөт? Аны издеген бирөөлөр барбы же жокпу?

— Жамшитов боюнча азыр эч кандай факты, аны издөө маселеси жок. Ошондуктан ал эл катары эркин жашоодо.

Рысалиев Зулушевдин мындай жообуна канааттанган жок. Ал кайрадан УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнө кайрылып балким «өз» жана «жат» деген принцип ойноп жаткан жокпу деп шек санады.

Өз кезегинде Зулушев эгер Жамшитовдун кандайдыр бир кылмышка аралашканы болсо ачык айтууну суранып, ошого жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

«Мен ал жетекчинин кемчилигин да байкаганым жок, бизде андай маалымат дагы жок. Ошондуктан кайсы жакта жашап жатканына дагы кызыккан жокпуз», — деди Зулушев.

Ал эми Рысалиев Зулушевге кайрылып, экөө тең укук коргоо органдарында иштегенин айтып, кимдин эмне кылып жатканын жакшы биле тургандыктарын кошумчалады.

«Сиз сот болуп, мен милиция болуп иштедим, эми кимдин кандай иш кылганын айттырбай эле билебиз да. Санап бер десеңиз, мен Өткүрбек мырзанын кандай иштери бар экенин санап берейин... Ушуну эсиңизге алып койсоңуз», — деди депутат.

Өткүрбек Жамшитов ким?

Жамшитов 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын октябрына чейин башкы прокурор болуп иштеген. Анын учурунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши жанданып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттолгон.

Жамшитов 2020-жылдагы октябрь окуяларында жок болуп кеткен. 6-октябрда «Чоң Казат» партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев өзүн башкы прокурор деп жарыялаган. Ал мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго, экс-президент Сооронбай Жээнбековго жана анын иниси Асылбек Жээнбековго, мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш иши козголгонун айтканга жетишкен. Бул күндөрү Өткүрбек Жамшитов кайда болгону белгисиз.

Ал 11-октябрда гана пайда болуп, прокурорлор менен жыйын өткөргөн. Ал эми 21-октябрда ал кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ошол эле күнү Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка депутат Курманкул Зулушевди жактырган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА

Жамшитов жөнүндө эмнелер белгилүү?