КТРКнын башкы директору Бахтияр Алиев эксперт катары табып Хашим Зайналиев чакырылган уу коргошун (аконит) жөнүндөгү сюжетке байланыштуу телеканалдын дарегине айтылган сын-пикирлерге комментарий берди.
Алиевдин айтымында, телеканалдын журналисттери Зайналиев менен элдик медицинадагы билими тууралуу маектешкен.
«Биздин журналисттерге белгилүү бир тема берилгенде, биз аларды эч нерсе менен чектебейбиз. Алар өз алдынча маалымат алышат жана сюжет даярдашат. Саламаттыкты сактоо министринин оозунан Ысык-Көлдүн тамыры жөнүндө маалымат алдык, ал элдик медицинага кайрылды. Буга ылайык, ушул теманы түшүнгөн адам менен байланышып, өз позициясын берүү керек болчу», — деди Алиев Vesti.kg агенттигине.
Алиев КТРК эч кандай тыянак бербестен, элдик медицина менен байланышкан адамдар үчүн гана сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бергенин баса белгиледи.
Уу коргошун жөнүндө сюжет
Жалпы өлкө боюнча көрсөтүгөн КТРК каналында, 17-апрелде КТРКда президент Садыр Жапаров менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун дабасы катары сунуштаган уу коргошун жөнүндө сюжет көрсөтүлгөн.
Сюжетте табып Хашим Зайналиев бул өсүмдүк боюнча эксперт катары сөз сүйлөгөн. Зайналиев 2016-жылы рак илдетине чалдыккан аялдын эмчегин наркозсуз кесип салууга аракет кылган — бейтап анын клиникасында көз жумган. Ал шприц аркылуу аялдардын жыныс органдарына белгисиз суюктукту куяры да белгилүү болгон. Зайналиевдин онкологиялык ооруларды дарылоо ыкмасын медиктер кескин сынга алышкан. Анткени ага кайрылган бейтаптар абалы өтө оорлошуп кеткенде кайрадан расмий ооруканалардагы медиктерге кайрылышат.
Сюжет чыккандан кийин андагы уу коргошун тууралуу маалымат жана адис катары чакырылган адистер соцтармак колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.
«Улуттук мамлекеттик каналда 11 мүнөттүк сюжетте уу коргошун жөнүндө баяндап, аны бардык ооруларга, керек болсо бронхитке да даба деп мактап жатышат. Бүт ооруларга. Кайдагы бир эмчи эжени көрсөтүштү, ал 15 жылдан бери уу коргошун менен элдин баарын дарылайт экен. Андан кийин адистер менен кеңешүү керек деп туруп, Хашим Зайналиевди көрсөтүштү. Ооба, баягы эле Зайналиев, анын ишмердиги толугу менен мыйзамсыз. [...] Ай, силердин акыл-эсиңер ордундабы? Мээңер иштейби? Мыйзамсыз дарылоо ишмердигинин пропагандасы жана жарнамасы мыйзам боюнча жазаланат. Эми, жазаланышы керек, негизи», — деп нааразы болду «Апрель» телеканалынын журналисти Юлия Кулешова.
Зайналиев деген ким?
Этият болгула, бул адамдын медициналык лицензиясы жана тийиштүү билими жок, ал мыйзам боюнча медтажрыйба жүргүзө албайт, анын кеңештерин аткаруу ден-соолугуңузга кооптуу болушу мүмкүн.
Зайналиевдин клиникасы жана анын дарылоосу жардам берди деген колдоочулары бар. Бирок ал медкызматкер эмес, медициналык билими жок, ал эми ага адамдарды дарылоого мыйзам тыюу салат.
2019-жылы апрелде сот табып Хашим Зайналиевге бейтаптарды дарылоого тыюу салган. Сот аны 100 миң сом штраф төлөп берүүгө да милдеттендирген эле.Сот чечими чыккан соң бир аптадан кийин ЖМКларда Зайналиев үй-бүлөсү менен Оманга кеткени тууралуу маалымдалган. Ал жакта ага дарыгерлик кылууга уруксат берилгени айтылган.
Хашим Зайналиев Кыргызстанда ишин токтоткону тууралуу 2017-жылы да билдирип, ишин Жакынкы Чыгышка барып улантаарын айткан болчу, бирок көп өтпөй эле журналисттер ал клиникасында бейтаптарды кабыл алууну улантып жатканын аныкташкан.
Зайналиев 2016-жылы рак илдети менен жабыркаган бейтабынын эмчегин наркозсуз алып салууга аракет кылып, аял кайтыш болуп калган. Бул окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлиги менен ИИМ табыптын клиникасын жабууга аракет кылы, бирок майнап чыккан эмес. Ал эми Зайналиев өзү аны бейтаптарды дарылоодон «Аллахтан башка эч ким токтото албайт» деп билдирген.
Кийинчерээк табып кан рагы менен ооруган кызды айыктырууга кепилдик берип «дарылаган» учур чуу жараткан. Бирок кыздын абалы жакшырбай эле начарлап кеткендиктен, ата-энеси кызын онкологдорго алып барышкан.
Табыптын клиникасын 2016-жылы эле жабууну убадалашкан. Бирок Зайналиевди ошол бойдон кармай алышкан эмес, анткени ага ишенген адамдар милициянын аракетине тоскоолдук жараткан. Саламаттык сактоо министрлиги да, ИИМ да анын медтажрыйбасына таасир эте алган эмес.
2020-жылдын октябрь айында Зайналиев «Бешинчи каналдан» чыгып, авран деген чөптүн жардамы менен коронавирус илдетин дарылоо үчүн протокол иштеп чыкканын жар салган. Ал ошондо коронавируска каршы өзүнүн дарылоо ыкмасына саламаттык сактоо министрлиги көңүл бурсун деген максат менен, Садыр Жапаров менен жолугушууга, ага өз ыкмасы жөнүндө айтып берүүгө аракет кылганын да жарыялаган.
Президенттин «дары ичимдиги»
Президент Садыр Жапаров 16-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон.
Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.
Кийинчерээк Facebook Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.
Жапаровдун коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарыласа болот деп айткандарын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кубаттаган.
Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өзү курган басма сөз жыйындын түз эфиринде кайнатма ичкен. Кийин Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус менен жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын билдирген.
Бейшеналиев басма сөз жыйында тундурманы ичүү үчүн тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктаарын да билдирген. Ал эми президенттик аппараттан 24.kgнин журналисттерине уу коргошундун кайнатмасы «Ала-Арча» мамрезиенциясында даярдалып жатканын, ал үчүн өзүнчө орун жай берилгенин кабарлашкан.
Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотуп, ордуна компетенттүү кишини дайындоо сунушталган. Министрге ишеним көрсөтпөөнү 9 эл өкүлү колдоп, комитеттин бөлүмү тиешелүү катты премьер-министр Улукбек Мариповго жолдорун билдирген.
20-апрелде Бишкекте уу коргошундан (акониттен) төрт киши ууланганы жөнүндө белгилүү болгон. Алардын баары ооруканаларга оор абалда жеткирилген. Буга саламаттык сактоо министри жабыркагандар ал 16-апрелде басма сөз жыйында ичкен кайнатманы алышпаганын айтып жооп берген.
«Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө комиссия барып текшерген жана биздин дарылдоодон кийинки эч кандай абалы начарлоо болбогонун аныктаган [...] Жабыркагандар биздин кайнатманы алышкан эмес. Алгач сураш керек да, адамдар эмнеден ууланганын. Булар онкологиялык оорусу бар адамдар экен, мурдатан эле өздөрү ичип жүрүшкөн. Ашказандык рак ооруларына илгертен эле уу коргошун ичишчү. Аларды дарылап жүргөн киши дозасын туура эсептебей койсо керек», — деген ал.