Temirov LIVE: УКМКнын маалыматы так эмес, судья Жээнбекованын 74 батири жок

Temirov LIVE ютуб-каналынын иликтөөчү-журналисттери УКМК Равшан Жээнбековдун карындашы, судья Мира Жээнбековага таандык деген кыймылсыз мүлктөрү бир эле курулуш, тактап айтканда, көп кабаттуу имарат экенин аныкташты.

УКМКнын басма сөз кызматы 8-апрелде Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамдуу киреше булагы жок туруп, 74 кымбат баалуу батир, 19 коммерциялык имарат, 10 унаа токтотмо жана Бишкектин «алтын квадратында» наркы асман чапчыган жер тилкелерине ээлик кылат деп билдирген.

Temirov LIVE каналынын журналисти Арген Камалдинов бул маалыматты текшерип, аталган даректе бир гана курулуш объектиси жайгашканын аныктады.

«2015-жылдагы картаны карасак, бул жерде эки кабаттуу гана турак үй болгон. Кадастарда имаратка Жээнбековдор жана Шадиевдердин үй-бүлөсү ээлик кылары көрсөтүлгөн. Султан Шадиев судьянын жолдошу, ал эми Жээнбековдор Мира Жээнбекованын туугандары. Башкача айтканда, экөө тең судьянын жакындары», — деп белгилейт журналист.

Камалдиновдун айтымында, курулуш компаниясы менен үлүштүк катыш жөнүндө келишимге ылайык, эки үй-бүлө көп кабаттуу имараттын аянтынын 20%на ээлик кылат. Бул ар бир үй-бүлөгө 74 эмес, 7-8 батир гана туура келет деген сөз.

Ал эми Мира Жээнбековага тиешелүү делген эки үйдүн бири 2017-жылы эле агасы тарабынан сатылган.

«Башка эки объект чынында эле Мира Жээнбекованын жолдошуна таандык, бирок алар 90-2000-жылдардын башында эле сатып алынган же мураска калган. Эске сала кетсек, Мира Жээнбекова 2016-жылы гана судьялык орунга отурган», — деп баса белгилеген журналист.

Мыйзамсыз баюуга айыптоо

УКМКнын басма сөз кызматы 8-апрелде «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен Бишкек шаардык сотунун судьясына карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган.

«Судья кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында жакын туугандары жана башка адамдар менен сатуу жана сатып алуу келишимдерин түзгөн», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле судьянын декларациясында көрсөтүлбөгөн объектилерин издөө жана жогоруда айтылган иш боюнча тергөө амалдары улантыларын маалымдаган.

УКМКнын билдирүүсүндө Бишкек шаардык сотунун кайсы судьясы мыйзамсыз байыган деп айыпталып жатканы так айтылган эмес. Бирок кийин саясатчы Равшан Жээнбеков басма сөз жыйын куруп, кеп карындашы Мира Жээнбекова тууралуу болуп жатканын айткан.

Анын айтымында, карындашы тууралуу тараган маалыматтар чындыкка төп келбейт.

«Башка бирөөнүн мүлкүн карындашыма жана күйөө балабызга жазып коюшуптур. Биз муну жакын арада далилдеп беребиз. Күйөө балабыздын жеке менчик клиникасы бар, бизнес кылат, алар иштеп тапкан акчасын баарын ак эмгеги менен табышат, акча каражаттары кайдан келип чыкканынын булагы бар, ал эми УКМК жалган маалымат таратууда», — деп белгилеген саясатчы.