Ысык-Ата: Милиция дүкөндүн жанында 6 жаштагы баланы тээп качкан кишини кармады

Шектүү

Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 6 жашар баланы тээп, изин жашырган кишини кармады. Бул тууралуу Чүй облусттук милициясынын басма сөз кызматы 21-апрелде кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 20-апрелде Люксембург айылында болгон. Соцтармактарда тараган видеодо киши дүкөндөн чыгып, жаш балага бир нерсе айтып, кийинчерээк аны белине тепкен. Бала жыгылгандан кийин киши кетип калган.

Ошол эле күнү жабыркаган баланын апасы милицияга кайрылып, тасмадагы кишиге чара көрүүнү өтүнгөн. Ысык-Ата РИИБси «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, 26 жаштагы шектүүнү кармаган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин, 22-февралда, Ысык-Атанын милициясы өзүнүн 5 жашар өгөй баласын аёосуз сабаган кишини кармаган. Укук коргоо органдары «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, бул иш 3-мартта Ысык-Ата райондук сотуна өткөрүлгөн.