«Кадастрдын» Бишкектеги жетекчилери кызматтарынан убактылуу четтетилди

«Кадастр»* мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги филиалынын директору Болотбек Берикбаев жана анын орун басары Мелис Кадырмамбетов ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу 23-апрелде Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

*Өкмөттүн түзүмү кайра түзүлгөндөн кийин «Кадастр» мамлекеттик мекемеси Айыл чарба министрлигинин карамагына өткөн.

Мындай чечим Айыл чарба министрлигинин алдында «Кадастр» ишканасынын Бишкектеги филиалынын директорунун отставкасын талап кылган митингден кийин кабыл алынган. Митингчилер күүгүмгө чейин кетпей турушкан.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков митингчилерди кабыл алып, алардын койгон маселесин чечүү үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштады. Комиссиянын курамына митингчилердин эки өкүлү кириши керек.

Митингге чыккандар «Кадастр» ишканасынын борбор калаадагы филиалынын жетекчилигинин ишине нааразы болушкан.

«19-мартта мен жана курулушчулардын тобу премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугуп, өзүбүз жабыр тарткан мамлекеттик мекеменин кылык-жоругу тууралуу айтып бергенбиз. Ал жерде башаламандык болуп жатат. Бирөө кызыл китеп ала албай жүрсө, кээ бирөөнүн бир участкасында экиден кожоюну бар. Чогулгандар “Кадастрдын” Бишкектеги башчыларын кызматтан кетирүүнү талап кылып жатышат. Айыл чарба министри Берикбаевди кызматтан алам деп убада берген. Митингчилер ведомствонун жыйындар залында буйрукту күтүп отурушат», — деп айтып берген митингге чыккандар бири.

ТЕМА БОЮНЧА: «Ошэлектронун» имаратын сатууга айыпталган «Кадастрдын» Оштогу башчысы үй камагына чыкты

«Кадастрдын» Оштогу башчысы «Ошэлектронун» имаратын сатып жиберүүгө айыпталууда