Санэпидкөзөмөл жума намазды жана дааватка чыгууну токтотууну сунуштады

Архивдик сүрөт, 2013-жыл

Бишкектин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы муфтиятка жума намаз, айт намаз жана даават кылууну токтотууну сунуштады. Маалыматты «Клоопко» Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев тастыктады.

«Сунуш кечээ кечинде келген. Азыр каралып жатат. Бирок бир нерсени айтып коюу керек: муфтият мечиттерде ифтар өткөргөн жок. Кафе-ресторандарда өтүп жатканына биз жооп бере албайбыз. Мечиттерде Орозо башталгандан бери эле өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен ифтарлык өткөрүлгөн жок», — деди Атабаев.

Басма сөз катчы жума намаздар буга чейин аралыкты сактоо менен окулуп келгенин кошумчалады. КМДБ Бишкектин санэпидкөзөмөлүнүн сунушу боюнча жакынкы арада чечим кабыл аларын белгиледи.

Кыргызстанда Орозо 13-апрелде башталган, ал эми 13-майда өлкөдөгү мусулмандар айт намазды окушат. Адатта айт намаз аянттарда окулуп ага чогулгандардын саны бир нече миңге жетчү. Былтыр муфтият COVID-19ду жайылтпоо максатында аянттарда жана мечиттерде намаз окууга чектөө койгон болчу.

Акыркы суткада өлкөдө коронавирустун 272 жаңы учуру катталды, анын 148и Бишкек шаарында. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандардын саны 93 278ге жетти — алардын ичинен 87 717 бейтап айыгып, 1 573 киши дүйнө салды.