Быйыл Орозо 13-апрелде башталат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйыл Орозо айы 13-апрелде башталаарын билдирди. Көрсөтүлгөн күндөр айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

Орозо айы ай жаңыргандан тарта башталат. Себеби ай календары Григорян календарына караганда 11 күнгө кыска. Буга байланыштуу орозо жыл сайын өткөн жылга салыштырмалуу 11 күнгө эрте башталат.

Орозо кармоо ар бир мусулман аткарууга тийиш болгон беш парздын бири.

Ооз бекиткендер күндүз тамак аштан, суу жана башка ичимдиктерден, чылым чегүүдөн жана жыныстык жакындашуудан баш тартат. Орозо таң эрте башталып (таңкы азандан кийин) күн батканда (кечки азандан соң) бүтөт.

Психикалык жактан жабыркагандар, жаш балдар, ооруп жаткандар, кары-картаңдар, саякатчылар, кош бойлуулар жана бала эмизген аялдар орозодон бошотулат.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус менен ооругандар саламаттыгы мүмкүндүк бербей жатса орозо кармабай эле койсо болоорун билдирген.

«Эгер дарыгер бейтаптын ден соолугунун абалы орозо тутууга жол бербейт деп айтса, анда анын айтканы менен болуу керек. Эгер орозо кармоо адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратса, анда аны кармабай эле коюуга болот. Мындай учурларда шариат уруксат берет. Бирок, жакшы болуп калгандан кийин карызды кайтарып берүү зарыл», — деген муфтияттын фатва бөлүмүнүн өкүлү Бахтияр Токтогазы уулу.

Андан сырткары муфтият оозу бек учурунда деле коронавируска каршы эмделсе болоорун билдирген. Бул орозону бузбасын, бирок вакцинанын сапаты үчүн жооп бере алышпасын белгилешкен.