«Тамчыда» аймактык рейстер ачылгандыктан авиабилеттердин баасы төмөндөп баштады

Эл аралык «Тамчы» аэропортунда Орусиянын шаарларына сегиз жаңы каттам ачылып, андан улам Кыргызстанда эл көп учкан багыттар боюнча билеттердин баасы арзандап баштады.

Бул жөнүндө «Билет.kg» компаниясынын негиздөөчүсү Айдар Окенов журналисттер менен болгон жолугушууда айтып берди. «Билет.kg» FlyDubai, S7 Airlines, «Урал аба жолдору» жана Nordwind Airlines сыяктуу ири авиакомпаниялар менен кызматташат.

«Клооп» авиакаттамдардын өзгөрүшү жана кыргызстандыктардын Орусияга учуп кетүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтардын урунттуу учурларын баяндап берет.

Рейстер жөнүндө

Соңку төрт ай ичинде Орусиянын авиакомпаниялары «Тамчы» аэропортунан Орусияга сегиз жаңы каттам ачкан. Буга чейин аэропорт жайкы мезгилде гана Ташкент жана Новосибирск шаарларынан туристтик рейстерди кабыл алып жаткан, азыр болсо ал кышында да, жазында да активдүү иштеди.

«Эми Тамчыдан сегиз багыт боюнча: аптасына үч жолу “Тамчы — Москва”, эки жолу — “Тамчы — Санкт-Петербург” маршруттары боюнча учуп кетсе болот. Мындан тышкары, учактар Орусиянын Ростов-на-Дону, Минеральные Воды, Самара, Уфа, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына да учат», — деп Окенов билдирди.

Анын айтымында, бул рейстер чартердик болуп саналат, бирок алар үзгүлтүксүз эле аткарылууда. Мындай режимде азыркы учурда «Тамчы» аэропорту аркылуу жумасына 2 миң киши өтүүдө.

«Эгер бул рейстер жайкы мезгил боюнча сактала турган болсо, анда биз бул жайда Ысык-Көлдө эс алгысы келген орусиялык туристтердин агымына үмүт артсак да болот», — деп үмүттөнөт Окенов.

Билеттердин баасы жөнүндө

Башка шаарлар аркылуу жаңы рейстердин ачылышы менен билеттердин баасы да арзандап калды.

Эми Москвага баргысы келген кыргызстандыктар «Манас» жана Ош аэропортунан түз жетип алуудан тышкары, мисалы, Тамчыдан Ростов-на-Дону аркылуу Москвага жетип бара алат.

Авиабилеттердин кымбатташына чектөөлөр себеп болгон: учурда орус тарап азыр ар бир авиакомпанияга жумасына бир багыт боюнча бир гана рейсти аткарууга уруксат берүүдө. Ошондуктан, кыргызстандыктардын авиабилеттерге болгон суроо-талабы чоң болуп, сунуш азайган.

«2020-жылдын январь айында “Бишкек — Москва” багыты боюнча орточо тариф бардык авиакомпанияларда 515 АКШ долларына, “Ош — Москва” багыты боюнча 544 АКШ долларына жеткен. Азыр бул багыттар боюнча тарифтер $397 жана $429 түзөт, билеттердин баасы 20%га төмөндөдү. Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн башка шаарларына учкан рейстер аркылуу авиаташуунун көлөмү көбөйтүлдү», — деп Окенов белгиледи.

Тилекке каршы, азыркы учурда пандемияга чейинки баалардын толугу менен кайтып келишин күтүүнү үмүт кылуу мүмкүн эмес, үзгүлтүксүз туруктуу рейстердин саны өскөн жок. Авиакомпанияларга коюлган чектөөлөр дагы деле толугу менен алына элек.

Учуп кетүүгө талап кылынган «негиздемелердин» жокко чыгарылышы

Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин өз ара сүйлөшкөндөн кийин иштөөгө, окууга же саякат кылууга Орусияны көздөй учуп чыгуу жеңилдейт. Ага ылайык, азыркы учурда учуп кетүү үчүн талап кылынган негиздеме* жакын арада жокко чыгарылат.

*Буга чейин Орусия өкмөтүнүн 16.03.2020 № 635-р жарлыгына ылайык бир гана Орусиянын жарандарын, мекендештерди тарыхый мекенине көчүрүү мамлекеттик программасынын катышуучулары, дарыланууга жөнөп жаткандар тиешелүү документтерин көрсөткөн соң, ал жакка эркин кирүүгө укук алган. Арасында чет элдик жарандардын бир нече тобу дагы бар.

Аларды тапшырылган ПЧР-тест жана «COVID-19суз саякатта» колдонмосу толугу менен алмаштырат.

«Колдонмону смартфонго жүктөп алып, жүргүнчү лабораторияда ПЧР-тест тапшыра алат, андан кийин QR-коддун жардамы менен тесттин жыйынтыктарын колдонмодо сактап коё алат. Бул код Орусиянын шаарларына туруктуу жана чартердик рейстер менен учуп барууга жетишерлик негиздеме болуп берет», — деди Окенов.

Анын маалыматына караганда, азырынча «COVID-19суз саякатта» колдонмосун 30%га жакын жүргүнчүлөр колдонушкан. Буга тест тапшыра турган лабораториялардын аздыгы себеп болуп жатат. Азыр алардын саны көбөйүп келе жатат*, демек бул да болсо авиабилеттерге болгон суроо-талапты жогорулатышы мүмкүн — бирок Океновдун айтымында, кийин тарифтер кайра калыбына келет.

*Мурда эки гана лаборатория кошулган болчу, азыркы учурда колдонмого «Бонецкий», «Аквалаб», «Гемотест» лабораториялары да кошулду. Бишкекте сегиз, Ошто эки лаборатория иштейт.