COVID-19: Коронавирусту жуктурган 5 бейтап каза болду, жаңы 325 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 24-апрелде коронавирустун жаңы 325 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 286, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 39.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 194;

Чүй облусунда — 90;

Ош облусунда — 6;

Ысык-Көл облусунда — 20;

Жалал-Абад облусунда — 6;

Ош шаарында — 2;

Баткен облусунда — 1;

Талас облусунда — 1;

Нарын облусунда — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 93 603кө жетти.

Ал эми акыркы суткада 163 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 84, Чүй облусунда — 54, Ош жана Баткен облустарында — бирден, Нарын жана Ысык-Көл облустарында — сегизден, Ош шаарында — эки жана Баткен облусунда — бир бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 87 880 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 417 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 332 киши оор, 58 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 609 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 593.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт жана Ысык-Көл облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 578 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 13 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында — тогуз, Чүй обулсунда — эки, Ош жана Ысык-Көл облустарында — бирден медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 395ке жетти, анын ичинен 4 305 медкызматкер илдеттен айыкты.