«Кемпир-Абад маселеси». Мөөнөтсүз акциянын катышуучулары менен жолугушууга Ташиев келди

«Кемпир-Абад» суу сактагычынын астындагы жана жээгиндеги жерлердин Өзбекстанга берилишине каршы чыккан Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары бүгүн 25-апрелде Куршаб айыл өкмөтүнүн стадионунда чогулду. Беш күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары менен жолугушууга УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев келди. 

Куршабдын стадионунда чогулгандардын саны беш жүзгө жакын, алар «Ата мурас, ата бейит, жур суулар элге таандык, эч кимге бербейбиз» деген жазууларды кармап турушат. Эл менен жолугушууга Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, анын орун басарлары дагы келди. Андан тышкары Оштон Өзгөнгө чейинки жолго жол кайгуул кызматкерлери, стадиондо милиция кызматкерлери коюлган.

23-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын 150гө жакын тургуну Кемпир-Абад суу сактагычы ээлеген жана анын жээгиндеги жерлерди Өзбекстанга берүүгө каршы мөөнөтсүз акция баштаган. Алар боз үй тигип, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан.

Акциянын катышуучулары чогулган элдин талаптарын бир гана президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев аткара аларын айтышкан.

«Бизге жеткен маалымат боюнча Кемпир-Абадга плотина курулуп жатканда СССР маалында эки тараптуу келишим түзүлгөн экен. Ошол келишимди архивден алып келип элге көрсөтүүнү талап кылып жатабыз. Союз мезгилиндеги чек ара ошол боюнча калсын. Мындан сырткары Өзбекстан компенсацияларды төлөп берсин. Анан бизге куруп бермек болгон каналды аягына чейин чыгарсын деген талап коюлуп жатат» — деген акциянын катышуучуларынын бири.

Нааразылыкка чыккандардын айтымында, эгерде коңшу өлкөгө жер берилип кетсе эл жайыт жана сугат суудан куру калат.

Кара-Сууда өткөн нааразычылык акциясы

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Андан кийин 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда жергиликтүүлөр менен жолугушкан. Анда ал Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 100 гектар жерди сураганын айтып, бирок Кыргызстан 50 гектарын берүүгө макулдашылганын билдирген.

Мындан сыткары, «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасы Өзбекстанга өткөнүн белгилеген. Ал бул чечимди туура деп айтып, суунун деңгээли түшкөндөн кийин жергиликтүү турак жайларды суу каптабай калат деген.

Суу сактагыч маселеси боюнча Ташиев мындан кийин маселе жаралбайт деп ишендирген. Сууну жергиликтүү калк пайдалана алат деп айткан.

Бирок Кара-Суунун Ынтымак айылынын тургундары «Кемпир-Абаддын» жанына боз үй тигип, Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан. Жолугушуу 19-апрелде өткөн. Анда Ташиев «эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн» билдирип, протокол кабыл алынса «чек арада чыр-чатак болбойт» деп ишендирген.

Ошондой эле, атайын кызматтын башчысы нааразычылык акцияларды уюштургандардын аты-жөнүн билерин белгилеп, чагымчылдык болуп жатканын айткан. Натыйжада УКМКнын башчысы Өзбекстанга барып протоколду кайрадан каратып, 50 гектардын ордуна 20 гектар жерди алмашууга аракет кыларын убада кылган болчу.