Жогорку сот коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди актады

Жогорку сот коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча актады. Ал Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Биринчи май райондук соту былтыр октябрда Өмүралиевди жана башка адамдарды актаган болчу. Ал эми Бишкек шаардык быйыл мартта соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, Өмүралиевди жана башка шектүүлөрдү күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле, Өмүралиев мамлекетке 5 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Калган айыпталуучуларды жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берилген эмес.

Батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши

2017-жылы Биринчи май райондук соту Өмүралиевди жана бул иш боюнча айыпталып жаткан башка аткаминерлерди кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Мурдагы министр 5 млн сом айыпка жыгылып, генерал-майор наамынан ажыратылган. Ошондо Бишкек шаардык соту Өмүралиевге айып пул салуу айыбын гана калтыруу менен генерал-майор наамын кайтарып берген. Жогорку сот ишти Биринчи май раондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Кийинчерээк, 2020-жылдын октябрь айында, Өмүралиев Генералдык штабдын жетекчилигине дайындалганда, Биринчи май райондук соту жана аны менен чогуу бул иштин фигуранты болгон дагы он кишини актап чыгарган.

Алардын арасында, Коопсуздук кеңешинин башчысынын мурдагы орун басары Жаныбек Капаров, Башкы штабдын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Кубанычбек Орозматов, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Нурбек Дүйшөналиев болгон.

Булар Бишкектин «Жал» кичи районундагы аскер кызматкерлери үчүн курулган батирлерди бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөлөрү болгон.

Өмүралиевдин дайындалышы

Өмүралиев 9-октябрда парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен соң Башкы штабдын башчысы болуп дайындалган. Буга чейин Башкы штабды Райымберди Дүйшөнбиев жетектеген.

Кийин өкмөт кайрадан түзүлүп, Коргоо министрлиги пайда болгондон кийин президент Садыр Жапаров 3-февралда Өмүралиевди министр кылып бекиткен.

Таалайбек Өмүралиев Кыргызстандын коргоо министри болуп, экинчи жолу дайындалууда. Ал бул кызматта биринчи жолу 2011-жылдан 2014-жылга чейин иштеген. Мындан кийин анын биографиясында алты жылдык боштук жаралган. 2020-жылдын октябрь айында ал башкы штабдын жетекчиси болгон. Ал эми 2021-жылдын 4-февралында коргоо министри болуп кайрадан дайындалган.