Ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү. Шектүүлөр 16 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Свердлов райондук соту ишкер жана Бишкектеги «Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын уурдалышы жана киши колдуу болушу боюнча чечим чыгарды.

Өкүм 13-апрелде угузулду.

Бул иш боюнча төрт шектүү «Киши өлтүрүү», «Киши уурдоо», «Каракчылык» жана «Документти, мөөрдү же штампты уурдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Кармалган адамдардын төртөө тең 16 жылга эркинен ажыратылды.

Абдурахемандын уурдалышы жана өлтүрүлүшү

Хуфур Абдурахеман — Кытайдан келген уйгур тектүү, алты баланын атасы, Бишкектин Мадина базарынын жанындагы «Мадина» кафесинин ээси болгон. Анын бир тууганы 2019-жылдын 5-октябрында анын жоголуп кеткенин айтып милицияга кайрылган.

Абдурахемандын бир тууганынын айтымында, Хуфур 2019-жылдын 4-октябрында ак түстөгү BMW X5 унаасы менен «Мадина» базарынан кетип, «Дордой» базарын көздөй жолго чыккан. Ошол бойдон кайтып келген эмес. Милиция «Адам уурдоо» беренеси боюнча кайрылууну каттаган.

Арадан дээрлик эки апта өткөндөн кийин милиция кызматкерлери сегиз шектүү адамды кармашкан жана алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бар болгон. Алар аны уурдап, өлтүрүп, сөөгүн Нарын облусунун Кочкор айылынын чет жакасында, жолдон 150 метр алыстыкта талаада көмүп салышканын айтып беришкен. Хуфур Абдурахемандын сөөгү 19-октябрга караган түнү табылган.

Эки шектүү адам ар кайсы убакта милицияда иштеген. ИИМдин маалыматы боюнча, алар «мыйзам бузган окуяга аралашканы үчүн» кызматтан айдалган. Тергөө алардын бирөөсү уурдоону уюштурган, ал эми экинчиси бизнесменди өлтүргөн деп шектеген.

Мындан тышкары, адам өлтүрүүгө Ысык-Көл облусунда туулган 29 жаштагы адам менен 33 жаштагы Казакстандын атуулу шектелген. Ошондо төртөө тең №1 ТИЗОго эки айга киргизилген.

Кармалгандардын дагы төртөөсү иш боюнча күбө катары өтүшкөн. Алардын арасында уурдалган машинанын ыктымал сатуучусу болгон. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган.

Машинаны сатып алган адам да күбө катары өткөн. Ал Чүй облусундагы «Сосновка» көзөмөл өткөрмө пунктунда чек арадан өтүп кетүү аракети учурунда кара түскө боёлуп, жасалма номерлер тагылган BMW X5 машинасын башкарып баратканда кармалган.

Саймаити менен байланышы

Киши колдуу болгон Абдурахеман уйгур тектүү кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин көп жылдан бери көмүскөдө иштеп келген чабармандар тобуна кирген. Бул топтун жардамы менен өлкөдөн миллиондогон долларлар накталай түрдө чыгырылып келген.

Айэркен Саймаити — Кыргызстандан 700 млн долларды чыгарып кетүү боюнча «Клооп», «Азаттык» радиосу жана OCCRP биргелешип жүргүзгөн иликтөөнүн фигуранты. Журналисттер бул акчанын өлкөдөн чыгарылышына катыштыгы бар деп Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирдүү үй-бүлө — Матраимовдор кланын айыпташат.

Абдурахеман базарда «акча чогултуучу» катары өзгө соодагерлердин тышка которчу каражатын топтоп берчү.

Көмүскөдө иштеп жүргөн чабармандардын жетекчиси Айэркен Саймаити өзү болгон. Ондон ашык кыргызстандык жаран анын жетекчилигинде Бишкек — Стамбул маршруту боюнча ар дайым учуп жүрүшкөн. Алардын жүгүндө өтө чоң байлык болгон — ар бир баштыкта бир нече жүз миңден бир нече миллионго чейин АКШ долларлары катылган.

Бул жашыруун топ көптөгөн жылдар бою өз жумушунун купуялыгын сактап иш жүргүзүп келген, бирок чабармандардын көзү тазалангандан кийин Саймаити өз окуясын ачыкка чыгарууну туура көргөн.

Бирок, 2019-жылдын декабрь айында ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткулов октябрдын ортосунда Нарын облусунда киши колдуу болгон «Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын Айэркен Саймаити менен байланышы жоктугун билдирген.

«Адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн шартында сегиз адам тергөө органдарына жеткирилди. Жети адамдын тиешеси бардыгы жөнүндө далилдер бар. Сот тарабынан камакта калтыруу түрүндө баш коргоо чарасы кабыл алынган», — деп ал кошумчалаган.