«Аягына чейин ишенгиле». Жапаров 80% добушка ээ болгонун айтты. Спойлер — бул андай эмес

Президент Садыр Жапаров 27-апрелде КТРК телеканалына курган маегинде, президенттик шайлоодо аны кыргызстандыктардын 80%ы колдогонун билдирди.

Ал аны колдогон шайлоочуларды аягына чейин ишенүүгө чакырып, үй-бүлөлүк башкарууга жана кландык режимге жол бербей турганын убада кылды.

«Элибиздин 80%ы колдоп, ишеним көрсөтүп президент кылышты. Ошол эле кезде өлкөнү эңшерилген экономикасы менен тапшырды. Ишенген жаныңар аягына чейин ишенип тургула. Добушун берген ар бир жарандын бетин жер каратпайм. Беш жылдан кийинби, он жылдан кийинби мен бирөөңөрдү да жер каратпайм. Ар бир кылган ишибиз, мейли экономикада болобу, чек арада болобу, кабыл алган чечимдерим эл үчүн болот. Мен жеке кызыкчылыгым үчүн эч нерсе жасабайм […] Колдогонго жараша аягына чейин колдогула. Артымда эл турат. Коррупционерлерден, ою бузук оппозиционерлерден коркпой-үркпөй реформаны аягына чыгарып, мамлекетти тазалап, экономиканы көтөргөнгө алдыга жылышым керек», — деди Жапаров.

Президенттин аны калктын 80%ы колдогону тууралуу билдирүүсүндө кандай дал келбестик бар?

Жапаровдун билдирүүсү чындыкка коошпойт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 6,6 млн эл жашайт. Алардын ичинен 3,5 млн жаран шайлоо укугуна ээ (БШКнын 2021-жылдын январь айына карата маалыматы).

2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын 39,75%ы катышкан. Алардын ичинен Жапаровду колдоп шайлоочулардын 79,2%ы добуш берген. Башкача айтканда, Жапаровду шайлоого катышкан шайлоочулардын 79,2%ы колдогон.