Нарындыктар электрдин баасына тийбей пенсия жана пособиени көтөрүүнү талап кылышты

Cүрөт: Turmush

Нарын шаарында Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. «Турмуш» маалымат агенттигинин билдиргени боюнча, чогулгандар облустагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашымбаев менен жолугушууну талап кылышкан. Алар электр энергиясына коюлган тарифтерди өзгөртүүсүз калтыруу, пенсия, пособие жана эмгек акыларын көбөйтүү сыяктуу бир нече талапты айтышкан.

Мындан тышкары, нарындыктар «Кумтөр» алтын чыгаруучу компаниянын кирешесинин 1-2%ы компенсация түрүндө Нарын облустук өнүктүрүү фондуна которулушун каалашат.

Ашымбаев менен жолугушуу мүмкүн болгон жок, ыйгарым укуктуу өкүлдүн жардамчысы облус башчысы Бишкекке «Кумтөр» маселесин талкуулоо үчүн жөнөп кеткенин айткан. Жарандардын социалдык төлөмдөр, электр энергиясынын тарифтери жөнүндөгү суроолоруна эч ким жооп берген жок, чогулган эл бир аздан кийин эл тарап кеткен.

Дагы окуңуз:

Жапаров: Тарифти өзгөртпөсөк «тезек термей» деген жашоого түшүп калабыз

Электр энергиясы боюнча жаңы тариф августка чейин коомдук талкууда болот

Жапаровдун Нарынга болгон сапары: Электр энергиясын быйыл да сатып алат экенбиз