Өзгөн: 17 жаштагы кызын «зордуктоого» шектелген киши коё берилди, бирок суракка келип турушу шарт

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылында 17 жаштагы тургуну өз атасы тарабынан «зордукталганын» айтып милицияга арыз жазган. Бирок соттук-медициналык экспертиза зордуктоо фактысын тастыктаган жок. Буга байланыштуу шектүү суракка келип туруу жөнүндө милдеттенме алып коё берилди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, райондук экспертиза өспүрүмдүн кыздык белгиси бузулбаганын аныктаган. Анткен менен тергөөчү соттук-медициналык экспертизаны кайрадан дайындаган. Аны Ош облусттук соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзөт.

«Ыплас аракеттер болушу мүмкүн деген күмөн менен ошол күнү кийген кийимдерин, жаткан төшөктөрүн суюктуктар барбы-жокпу — ошол боюнча дагы биологиялык экспертиза дайындалган. Алардын жыйынтыгы ушул жума чыгып калса керек», — деди Аширбаев.

Өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу милицияга анын таежеси 19-апрелде кабарлаган. Кыздын апасы Орусияда эмгек миграцияда жүргөн.

Жабырлануучу тараптын көрсөтмөлөрүнүн чын-төгүнүн билүү үчүн соттук-психологиялык экспертиза дайындалган. Аширбаев азырынча кыздын атасын кармоого негиз жок болгондуктан, андан суракка келип туруу жөнүндө милдеттенме алынып коё берилгенин билдирди.

Укук коргоо органдары «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери» беренеси менен тергөөнү баштаган. Ал эми жабырлануучу кыз сурак учурунда анын эркине каршы, каршылык көрсөткөнүнө карабастан атасы аны менен жыныстык катнашта болгондугун айткан. Бирок атасы бул айыпты четке каккан.

ИИМдин басма сөз кызматы жыл башында билдиргендей, Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккен. Ошондой эле, министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилеген.

Эгерде сиз зордук-зомбулукка кабылсаңыз төмөндөгү номурларга кайрылыңыз сизге жардам беришет: 102 — милиция кызматы; 112 — кызматы; 111 — балдар үчүн ишеним телефону.