Кыргыз-тажик чек арасынан 800дөн ашуун тургун эвакуацияланды

Сүрөт: «Клооп»

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын кесепетинен Кыргызстандын айылдарынан 848 тургун коопсуз аймактарга эвакуацияланды. Алардын басымдуу бөлүгү аялдар, балдар жана кары-картаңдар. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова кабарлады.

Маалыматка ылайык, тургундардын 498и Баткен шаарына, 350сү Лейлек районуна көчүрүлдү.

«Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат», — деди Бердикулова.

Басма сөз катчы чек арада кырдаал оор бойдон калганын жана эки өлкөнүн аскерлери атышууну токтото электигин кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандарынын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүү аракети, кийинчерээк мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматы бул маалыматты төгүндөп, коңшу өлкөнүн күч органдары чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатканын билдирди.

Эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген.

28-апрель түнкү саат 23:50гө карата таш ыргытуулар токтоп, абал «салыштырмалуу турукташканын» бирдиришти.

Өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн кырдаал «Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттеринен» курчуп кеткенин белгилешти. Анткени 29-апрелге караган түнү тажикстандыктар «Баткен районунун тургундарынын үйлөрүнө таш ыргытып, унааларга ок чыгара башташкан».

Укук коргоо органдары окуялар боюнча «Массалык башаламандык», «Ээнбаштык» жана «Киши өлтүрүүгө аракеттенүү» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тарткан.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди.