Новиков Баткен облустук ооруканасына түшкөн жарадарлар менен жолукту

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Баткен облустук ооруканасына барды. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жарадар болгон жарандарды көрүп чыкты.

«Өкмөт бардык багытта комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат [...] зарылчылык болсо башка облустардан, анын ичинде Бишкектен кошумча медперсонал жөнөтүлөт. Дары-дармектер азыр жетиштүү», — деди ал.

Новиков 29-апрель күнү кечинде Баткенге келген. Президент Садыр Жапаров ага чек арадагы чыр-чатакты жөнгө салуу тапшырмасын берген.

30-апрелде саат 7:50гө карата алынган маалыматтар боюнча, 134 кыргызстандык жарадар болгон, алардын ичинен 13 киши набыт болгон, алардын бири Лейлектин 2008-жылы туулган тургуну. Ошондой эле, «Бөрү» отрядынын үч жоокери да каза болгон.

Дарыгерлер жабыркагандар октон жана чачыранды сыныктардан жаракат алганын айтышты.

Ошондой эле, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эки күн ичинде Баткенге 31 дарыгер жиберген. Алардын ичинен 22 дарыгер Бишкек жана Таластан жөнөтүлсө, дагы тогуз дарыгер Бишкектен жиберилет.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Суу бөлүштүрүүчү «Головной» пунктундагы жүргүзүлгөн иштер чырдын келип чыгышына себеп болгон.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин чыр-чатакта баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүүнү макулдашышкан.

Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланып жатканын билдирген.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тараптар экинчи жолу аскерлерди аймактардан алып чыгып кетүү боюнча макулдашканын айтты.