ССМ: Кандын көлөмү азырынча жетиштүү, бирок жабыркагандар үчүн кан тапшырса болот

30-апрелде Бишкектеги Республикалык кан борборуна 150гө жакын адам Баткенде жаракат алгандар үчүн кан тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелерине жаткырылган жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын жана анын компоненттеринин жетиштүү көлөмү бар. Антсе да, жабыр тарткан мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар кан борборлоруна барып тапшырса болоорун эске салабыз», — деп жазылат маалыматта.

Министрликтин басма сөз кызматы жарандар Айтматов проспектисиндеги Республикалык кан борборуна иш күндөрү таңкы сегизден, түшкү экиге чейин, ишемби күнү 11ге чейин келип кан тапшырып кетсе болоорун белгиледи.

Кан тапшыргысы келген жарандардын жанында паспорт, айдоочулук же аскердик күбөлүгү болушу керек. Кан тапшыруу Республиканын бардык аймагында бирдей эле шартта жүргүзүлөт.

Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткенге 22 дарыгер жиберген. Бүгүн Алымкадыр Бейшеналиев тогуз дарыгер менен Баткенге учуп кеткен. Жалпысынан Баткенге Талас жана Бишкектен 31 дарыгер жөнөтүлдү. Министрлик учурда дарыгерлердин резервин түзүп жатат.

Жалал-Абад облусунан Баткенге эки бригададан турган тогуз дарыгер түн ичинде тез жардам унаалары менен жөнөп кеткенин облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков «Турмуш» басылмасына кабарлаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ССМ: Баткенге жалпы 31 дарыгер жөнөтүлүп, учурда резерв түзүлүп жатат

Чек ара чырынан каза тапкандардын саны 13 адамга чыкты — ССМ