«Эки элге тынчтыкты сүйүүчүлүк, бири-бирин урматтоо мүнөздүү». Жапаров элге кайрылды

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

«Чек арада тынчтыкты көздөп, стабилдүүлүктү сактап калууга күч үрөгөнүбүзгө карабастан, айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам кыргыз-тажик чек арасында калабалуу окуялар башталып кетти. Биз бул окуяларды ырбатпай, Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу үчүн эки күндөн бери бардык аракеттерди жасап жатабыз», — деп билдирди президент.

Ал чек араларды аныктоо — карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе экенин жана мындай «олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келген» деп айтты.

«Тажикстандын жетекчилери, байыркы тажик элинин акылгөй адамдары дагы ушундай эле көз карашта экенине ишенем. Биздин элдерге тынчтыкты сүйүүчүлүк, бирин бири урматтоо мүнөздүү. Эки элдин достугу “Манас” эпосунда Манас атабыздын Каныкей апабызга сүйүүсү, арзуусу аркылуу чагылдырылгандыгы тегин жерден эмес! 21-кылымда кыргыз менен тажик элдери ынтымакта жашоонун өрнөгүн көрсөтүүгө тийиш», — деп эсептейт Жапаров.

Ал тынчтык жана бейпилдик баарынан кымбаттыгын жана «жарандык согушту баштан кечирген тажик эли дагы муну жакшы түшүнөт» деп белгиледи.Мындан тышкары, Жапаров Улуу Орозо айында мусулман калктарынын кырды бычак болуп кырылышып турганын жакшы жосун эмес деп атап, тынчтыкка чакырды.

Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тараптар чек ара боюнча жана башка дагы маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнү макулдашышканын белгиледи.

«Эс тутумум жаңылтпаса, мындан 16 жыл мурда бүгүнкү күндөгү көйгөйдү эскерттим эле. Тагдырдын буйругу менен дал ушул көйгөйдү чечүү менин өз мойнума туш келген экен. Кудай буюрса, жакынкы араларда чечишип алабыз», — деди президент.

Ошондой эле, ал элге жардам берүү үчүн Баткенге жөнөп кетүүнү көздөгөн патриот жаштар менен жарандарга ыраазылык билдирип, аларды эмоцияга алдырбоого чакырды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири-бирине таш ыргытышкан. 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлери курал колдонууга өтүшкөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин 30-апрелдин кечки саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 31 киши каза тапкан, алардын арасында 2008-жылы туулган лейлектик кыз бар. Жалпысынан 154 киши жарадар болгон. Жабыркагандардын 49у Бишкекке дарыланууга алынып келинген.

Жаңжал чыккан аймактан 6786 кыргыз жараны эвакуацияланган. Алардын арасынан 2100ү чоңдор, ал эми 4686сы — балдар.

Тажик тараптан да жабыркагандар бар. «Азия-Плюс» басылмасы өз маалымат булактарына таянуу менен 10 адам каза таап, 90дон ашууну жабыркаганын билдирет.