Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү: Лейлек районуна гумжардам жеткирилди

Лейлек районуна жөнөтүлгөн гумжардам. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев гумжардам Лейлекке жеткенин билдирди. Ал оор жүк ташуучу унааларды «тажик аскерлери аткылаган» деп тараган маалымат жалган экенин белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков «Клоопко» Лейлек районуна бүгүн 60 тонна гуманитардык жардам жиберилерин айткан. Ал гумжардам Лейлек районунун эң көп жабыркаган айылдарына жеткирилерин белгилеген.

Новиковдун айтымында, 30-апрелде Исфана шаарына жана Рават айылына 20 тоннадан гумжарлам жеткирилген. Мындан сырткары, ал Лейлекке жакын арада дагы 100 тонна гумжардам жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин туугандары Лейлекте калган Элдияр Жээналиев азык-түлүктөн сырткары медициналык каражаттарга муктаждык чоң экенин айткан.

«Абал оор. Үмүтсүз болуп жатышат. Вертолёт жана самолёт менен жеткирбесе башка жол жок. Лейлек районуна өтө аз гумжардам жеткирилди. Самолёт менен бир аз жардам барды. Бирок ал жетпейт», — деди Жээналиев.

Акжол Рахманов Баткен шаарына Бишкектен келген. Анын Лейлек районунда жашаган ата-энеси, бир туугандары Баткен районунун Рават айылына качууга аргасыз болушкан. Рахмановдун айтымында, аталган аймакка гумжардам жете элек.

«Бир тууган иним, ата-энем ошол жерде турат. Күндүзү тажиктер Лейлектен элдердин мал-мүлкүн, буюм-тайымдарын, үйлөрдү тоноп атат, кечинде үйлөрүн өрттөп жатышат. Рават айылындагылар нан, азык-түлүк берип жибериңиздер деп жардам сурашты. Эгер ошол жакта болсоңуздар үнүбуздү чоңдорго жеткиргиле деп. Мен эрте менентен бери чуркадым, азык-түлүк үчүн акимге барып кол койдурдум. ӨКМге чейин бардым. Бул жакка келсем, отчёт алышыбыз керек деп элдин жыйып берген азык-түлүгүн бербей жатат», — деди Рахманов.

УКМКнын Чек ара кызматынан саат 15:00 кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калганын билдиришти. Мекемеден тажик тарап кошумча аскерий техникаларды чек арадан алуу келишимин бузуп, аскерлерди жана оор аскер техникаларын тартууну улантып жатканын белгилешти.

Буга чейин Чек ара кызматы Лейлек районунун Арка айылындагы турак-үйлөрдү тажик аскерлери аткылап жатканын кабарлаган. Аталган айылдын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланган.

Чек ара кызматы саат 11:30да кыргыз-тажик тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толук жаап алганын билдирген. Бул тилке Баткен районуну менен Лейлек районунун байланыштырат. Ошондой эле жол жабылгандыктан Баткен районунун бир нече айыл өкмөттөрүнө да жетүү мүмкүн эмес болуп калды.

Мындан сырткары, УКМКдан Тажикстан тараптан тажик-кыргыз чек арасын көздөй аскерий техникалар багыт алганы байкалганын жана чек арадагы абал чыңалуу бойдон деп билдиришкен.