Айзаданан өлүмү: Иш тергелип бүтүп, сотко өттү

Бишкек ШИИББден кабарлашкандай, Айзада Канатбекованы мажбурлап никеге тургузуу боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктады. Иш Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө «Никеге тургузуу максатында адамды уурдоо» беренесин кайрадан «Адам уурдоо» беренесине алмаштырылган. Шектелген төрт адам Бишкектеги №1-ТИЗОсунда жана аларга кылмышка шектүү экендиги тууралуу маалымат билдирилген. Ал эми айтылган адамдардын бешинчиси — Замирбек Теңизбаев иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча уурдоону уяштурган жана Айзаданы муунтуп өлтүрүп андан соң өз жанын кыйган адам, жоопкерчиликтен кутулган.

Айзаданы уурдоо жана өлтүрүү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Окуя болгон жерде орнотулган видео камерадан автоунаанын номурун жана канча киши уурдагандыгын көрүүгө болот. Кыздын үй-бүлөсү уурдагандардын бирин тааный тургандыгын айтышкан — ал Айзадан мажбурлап никеге тургузуу үчүн мурда дагы ала качууга аракет кылган.

Бирок издөө амалдары создуктурулуп, ал эми 7-апрелде автоунаанын ичинен кыздын жана аны уурдап качкан адамдын сөөгү табылган. Милиция Айзаданы уурдап качкан адам аны муунтуп өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген.

Бул окуядан кийин жүздөгөн адамдар митингге чыгып, милициянын аракетсиздигине нааразылар Бишкек ШИИББдин жана ИИМдин башчысынын отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Милиция аткаминерлери басма сөз жыйын уюштуруп, анда кызды издөө иштери эмне себептен кечеңдегенин түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

8-апрелде Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар делген төрт шектүү кармалган. Прокуратура Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча милициянын иш-аракеттери иликтенээрин маалымдаган. Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн «Шалаакылык» беренеси боюнча иш катталган.

ИИМ кызматтык тергөө жүргүзүп, ээлеген кызматтарынан 12 милиционер бошотулган. Ал эми 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алган. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Мындан тышкары, кылмыш жеринен киши колдуу болгон кыз менен аны уурдап, өз жанын кыйган кишинин сөөктөрү интернетте, телеграм-каналдарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган.

Кийинчерээк, Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы Айзада өлтүрүлгөн жердеги сүрөттүн жайылып кетишине жол берилгени үчүн Аламүдүн райондук ИИБдин бир нече кызматкерине сөгүш жана эскертүү берилгенин кабарлаган.