ИИМ: Чек арага чектешкен бардык айылдар толугу менен кайтарууга алынды

Милиция кызматкерлери чек ара аймактарына блокпостторду орнотуп, чектеш аймактарда жашаган жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Куралдуу кагылышуунун каардуу күндөрүн башынан өткөргөн Баткен облусунун чек арага чектешкен бардык айылдары толугу менен кайтарууга алынып, блок посттор коюлуп, милициянын кайгуул топтору коомдук тартипти сактап жатат» — деп мекемеден билдиришти.

Ошондой эле кыргыз милициясы Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы Жака-Өрүк участогу аркылуу өткөн Ош — Исфана жолун толук көзөмөлгө алынган.

Милициянын маалыматы боюнча, бардык кайгуул топтору ыктыярдуу элдик кошуундардын, айыл, квартал башчылары менен биргеликте иш жүргүзүп жатат.

Укук коргоо органдарынын ишмердигин ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков толугу менен көзөмөлгө алып, координациялап жатат.

Ошондой эле, ИИМ Баткен облусундагы коомдук тартипти сактоо иш-чараларын толугу менен ички иштер министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алып, коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жөнгө салууда тийиштүү тапшырмаларды берип жатканын маалымдады.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2-майга караган түнү Баткен облусунда кырдаал туруктуу, чектеш аймактардагы айылдарда абал толук көзөмөлдө ок атышуу жана башка окуялар катталган жок.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Жаңжал 28-апрелде «Головной» суу бөлүштүрүүчү жерден башталган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарак колдонулган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2-майга карата берген маалымат боюнча, каза болгон кыргызстандыктардын саны 34 адамга жетсе, жабыркагандардын саны 178 кишини түздү. Ошондой эле жаңжал чыккан аймактан 33 388 Кыргызстандын жараны эвакуацияланса, алардын 19 142 кичинекей балдар. Мындан тышкары он чакты айылдар жапа чегип, үй жана башка ушул сыяктуу объектилер өрттөнүп кеткен.

Тажикстандын бийлиги өз тарабынан канча киши каза болгону жана жабыркаганы жөнүндө расмий маалыматтарды али бере элек. Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгонун жазган.

30-апрель күнү кечинде тараптар аскер техникаларын аймактан чыгаруу жана унаа жолдорун ачуу боюнча кабар беришкен. Бирок 1-майда акыбал кайрадан курчуп баштаган. Тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы Ош — Исфана жолун тосуп алган.

УКМКнын Чек ара кызматынан 1-май күнү саат 12:45ге карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде «кырдаал чыңалуу», Лейлек районунун Арка жерлигинде тажик аскер кызматчылары Кыргызстандын жарандарнын турак жайларына карат ок чыгарып жатышканын деп маалымдаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 1-майда саат 11:30да тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толук жаап алганын билдирген. Бул тилке Баткен районуну менен Лейлек районунун байланыштырат. Ошондой эле жол жабылгандыктан Баткен районунун бир нече айыл өкмөттөрүнө да жетүү мүмкүн эмес болуп калган.

Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон телефон аркылуу эки жолу сүйлөшүп, натыйжада жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү пикирине келишкенин билдиришкен.

Кыргызстандын чек ара кызматы 2-май күнү саат 9:30га карата берген маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу.

1-майда Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов Баткенде жолугушуп, ок атууларды токтотуу жана аскерлерди алып чыгып кетүү боюнча төрт пункттан турган протокол кабыл алышып, «тынчтыкты камсыз кылуу үчүн принципиалдуу макулдашууга жетишкендерин» кабарлашкан.