Баткенден Ош шаарына эвакуациялангандардын көпчүлүгү үйлөрүнө кайтышты

Сүрөт: Ош мэриясынын фейсбук баракчасынан алынды

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан улам Баткен облусунан Ош шаарына эвакуациялангандардын көпчүлүгү кайра үйлөрүнө кайтышты.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» билдиргендей, жалпы 200гө жакын адам эвакуацияланган. Алардын 160ка жакыны «Адеп башаты» коомдук уюмунун имаратына жайгаштырылган. Ал эми калганы медреседе баш калкалашкан.

«Учурда 20 жаш бала, 12 аял, калганы жашы улгайып калгандар менен кошо эсептегенде 40 адам “Адеп башатында” калды. Аларга памперс, азык-түлүк жагынан жардам берилип жатат. Алар биринчи келгенде эле баарына медициналык жардам көрсөтүлгөн», — деди Абсаттаров.

Абсаттаров мындан тышкары Ош шаарында жашаган жакындарынын үйүнө баргандар да бар экендигин кошумчалады.

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунан жалпы 33 миңден ашуун киши эвакуацияланган. Алардын ичинен 14 246сы чоң кишилер, 19 142си жаш балдар. Алар 2-майда үйлөрүнө кайта башташкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

29-апрелде Көк-Таш айылынын тургундары таңы саат 04:30 чамасында таш ыргытуулардан жана ок атуулардан улам чочуп ойгонушкан. Ошол эле замат эркектер аялдар менен жаш балдарды жана жашы улууларды коопсуз жайга эвакуацияланган. Ал эми өздөрү кайра Көк-Ташка кайтып келип, чек араны жана үйлөрүн кайтарууга алышкан.

14:00 чамасында Ак-Сай айыл аймагындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайына ок атылган. Баткен ОИИБи Тажикстандын аскерлери автомат, пулемёт, миномёт сыяктуу өтө чоң зыян келтирген ок атуучу куралдарды колдонуп, жай тургундардын турак-жайларын аткылаганын билдирген.

28-апрелден 1-майга чейин кагылышуулардын кесепетинен 184 киши жарадар болуп, анын ичинде 12 жаштан 60 жашка чейинки 35 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Чек ара жаңжалында Баткен жана Лейлек райондорунда 104 үй, эки мектеп, бир ФАП, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ИИМдин бир имараты жана сегиз дүкөн өрттөлдү.

Ал эми «Азаттык» радиосунун тажик кызматы чек ара чырында 15 тажикстандык каза болгонун жана 90 адам жабыркаганын билдирген. Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар бар.

29-апрель күнү эки тараптын Тышкы иштер министрликтери ок атышууларды токтотуу боюнча макулдашканы менен кагылышуулар уланып турган. Кыргыз-тажик премьерлери, атайын кызматтар жана президенттер чек арадагы акыбал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Казакстан, Өзбекстан, ЖККУ жана БУУ Кыргызстан менен Тажикстанды кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган. 1-май күнү эки тарап ок атууну токтотуу жана аскерлерди алып чыгып кетүү тууралуу протокол кабыл алган. 2-майда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда.