COVID-19: Коронавирусту жуктурган 8 бейтап каза болду, жаңы 224 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 4-майда коронавирустун жаңы 224 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 189, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 35.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 139;

Чүй облусунда — 63;

Ош облусунда — 2;

Ысык-Көл облусунда — 11;

Ош шаарында — 1;

Нарын облусунда — 8.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 96 561ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 225 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 133, Чүй облусунда — 58, Ош шаарында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында — төрттөн, Нарын жана Ысык-Көл облустарында — тогуздан, Талас облусунда — бир жана Ош облусунда — үч бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 90 146 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 503 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 377 киши оор, 69 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 295 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 084.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — 6 жана Ысык-Көл облусунда — 2 COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 630 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада алты медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында жана Чүй обулсунда — үчтөн медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 457ге жетти, анын ичинен 4 384 медкызматкер илдеттен айыкты.