Жогорку сот НДПКнын арызын четке какты. Партия шаардык кеңештин шайлоосунан алынды

Жогорку сот НДПК партиясынын Бишкектин административдик сотунун чечимине байланышкан кассациялык даттануусун канааттандырган жок. Маалыматты «Клоопко» 4-майда Жогорку соттун басма-сөз кызматы бышыктап берди.

Муну менен Жогорку сот Административдик соттун, Бишкек АШКсынын жана Боршайкомдун НДПКны шайлоодон алуу тууралуу чечимдерин күчүндө калтырды.

Партиянын өкүлдөрү жыйында Бишкек шаардык кеңешине шайлоону кайра өткөрүү талабынан баш тартышпасын айтышты.

НДПКны шайлоодон алуу

Бишкек АШКсы «Кыргызстандын элдик демократиялык партиясын» (НДПК) 19-апрелде шайлоодон четтеткен. Мындай чечим УКМК жана Ленин райондук ИИБнин НДПК партиясына карата каттаган материалдарынын негизинде кабыл алынган.

«Бишкек АШК КЭДП (НДПК) саясий партиясынын өкүлдөрү тарабынан добуш берүү күнү үгүт жүргүзүлгөн, шайлоочуларды сатып алган, шайлоо өнөктүгүн каржылоонун тартибин бузган түрүндө шайлоо мыйзамдарын бузуу орун алган деген тыянакка келди», — деп билдиришкен ошондо Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынан.

24-апрелде Боршайком Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын НДПКны шайлоодон четтетүү боюнча чечимин колдоого алган.

НДПК өз дарегине коюлга айыптарды төгүнгө чыгарган. Партия Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы менен Боршайкомдун шайлоодон четтетүү боюнча чечимин «адилетсиз жана мыйзамсыз» деп атаган.

Андан кийин саясий бирикме ачык кайрылуу менен президент Садыр Жапаровго кайрылып, алардын маселесин жеке көзөмөлгө алуусун суранган.

Бирок 29-апрелде Бишкектин административдик соту НДПКнын БШК менен Бишкек АШКсынын чечимине каршы доо арызын канааттандырган эмес.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы

11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна жалпысынан 26 партия катышкан. Алдын ала маалымат боюнча, алардын алтоо гана 7%дык босогодон өткөн: «Эмгек», «Ак-Бата», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Биздин эл» жана НДПК.

Бирок партия шайлоодон четтетилгендиктен НДПКнын мандаттары башка партиялар ортосунда бөлүштүрүлөт. Кайсыл партияга канча мандат тиери азырынча айтыла элек.